Кен байлыктарга менчик лабораторияларда анализ жасоого тыюу салуу сунушталды

© Фото / Pexels / Chokniti KhongchumЛабораториянын кызматкери изилдөө учурунда микроскопту карап жатат. Архивдик сүрөт
Лабораториянын кызматкери изилдөө учурунда микроскопту карап жатат. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.12.2023
Жазылуу
Учурдагы мыйзамда көз карандысыз экспертизанын корутундусу жарактуу деп саналат.
БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Кундузбек Сулайманов кен байлыктарга жеке менчик лабораторияларда анализ жүргүзүүгө тыюу салууну сунуштады. Ал иштеп чыккан мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.
Документке ылайык, өлкө аймагындагы кендерди мамлекеттик экспертиза гана изилдеши керек, анын жыйынтыгына макул болбогон учурда гана көз карандысыз экспертиза жүргүзүүгө укук берилет.
"Кендерибизде баалуу металлдын көлөмү канча экенин аныктоо — лабораториялык иш. Мындай анализдер мамлекеттик борбордук лабораторияда эмес, жеке жактарда жүргүзүлүүдө. Ушуга байланыштуу жер казынасын пайдалануучулар кендерди каалагандай казып, баалуу металлдарды сыртка ташып кетишүүдө", — деп жазылган маалыматтык негиздемеде.
Мыйзам долбоору мамлекеттик органдардын функциясын күчөтүүгө, анын ичинде борбордук лабораторияга бардык кен байлыктардын анализин толук өткөрүү жоопкерчилигин жогорулатууга багытталганы белгиленген.
Уран казуу. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2023
Эч кандай зыяны жок. Жапаров Кыргызстанда уран казуу маселесине токтолду
Жаңылыктар түрмөгү
0