КМШ өкмөт башчыларынын жыйынында кабыл алынган билдирүүлөр

© Sputnik / Александр Астафьев / Медиабанкка өтүүРоссияда өтүп жаткан КМШ өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйыны
Россияда өтүп жаткан КМШ өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйыны - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.12.2023
Жазылуу
БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Россияда өтүп жаткан КМШ өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынынын жыйынтыгында маданий-гуманитардык кызматташуунун келечеги боюнча билдирүү кабыл алынды.
Анда төмөнкү багыттарга колдоо көрсөтүлөрү белгиленген:
маданияттар аралык диалогду тереңдетүү, шериктеш өлкөлөрдүн маданий салттарын өз ара түшүнүшүүнү жана урматтоону бекемдөө;
маданий жана тилдик көп түрдүүлүктү колдоо жана жайылтуу, биздин өлкөлөрдүн элдеринин улуттук, тарыхый жана маданий мурастарын жана салттарын сактоо;
өлкөлөрдүн жаш муундарынын руханий негиздерин жана маданий-адептик баалуулуктарын сактоо;
өлкөлөрдүн маданият мекемелеринин, искусство жана маданият ишмерлеринин бирикмелеринин ортосунда түз байланыштарды сактоо жана тереңдетүү аркылуу КМШга мүчө-мамлекеттердин маданият тармагындагы кызматташуусунун институционалдык негиздерин чыңдоо;
КМШга мүчө-мамлекеттердин маданият чөйрөсүндө биргелешкен иш-чараларды уюштурууга жана өткөрүүгө кызыгуусун жогорулатуу, анын ичинде тажрыйба жана маалымат алмашуу, чыгармачылык байланыштарды өнүктүрүү, көп тараптуу маданий иш-чараларга (фестивалдарга, конкурстарга, конференцияларга, форумдарга) катышуу аркылуу КМШ өлкөлөрүнүн маданият күндөрүн өткөрүү;
биргелешкен көп тармактуу долбоорлорду ишке ашыруу, сапаттуу контентти түзүү жана аны санариптик чөйрөдө илгерилетүү, анын ичинде жасалма интеллектини жоопкерчиликтүү пайдалануу;
театр искусствосу чөйрөсүндө өз ара кызматташуунун салттуу жана инновациялык форматтарын, анын ичинде КМШга мүчө-мамлекеттерде өткөрүлүүчү тематикалык фестивалдарды колдоо;
кинематография чөйрөсүндө биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, маданий кызматташтыктын бул чөйрөсүн колдоонун системалык инструменттерин жана механизмдерин ишке ашыруу;
биргелешкен басма ишин, китеп өнөр жайларын, өз ара басылмаларды жана котормолорду өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду ишке ашыруу.
Премьерлер Россия көргөзмө форумунда болушту - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.12.2023
Премьерлер "Россия" көргөзмө форумунда болушту. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0