Эки дос мансап деп чырдашпайбыз. Ташиев Жапаровдун айтканына комментарий берди

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев Президент Садыр Жапаров УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев. Архивдик сүрөт
 Президент Садыр Жапаров УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.12.2023
Жазылуу
Президент II Элдик курултайда Камчыбек Ташиев менен мамилесине токтолгон.
БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев президент Садыр Жапаровдун экөөнүн достугу боюнча айтканына комментарий жазып, социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.
Ал үч күндөн бери катуу ооруп, эми гана баш көтөргөнүн билдирди.
"Биринчиден, президентибиз туура айтты, эки дос мансап үчүн эч качан чырдашпайбыз. Экинчиден, биз үчүн кыргыз элибиздин тынч, бакубат, келечектүү жашоосу эң кымбат жана эч нерсеге алмаштыргыс бакыт! Үчүнчүдөн, президентибиз мурдагы Конституциянын негизинде 6 жылга шайланган, ал эми бүгүнкү Конституциянын негизинде дагы бир жолу 5 жылга экинчи мөөнөткө шайланууга укуктуу, ошондуктан Садыр Нургожоевичти колдоп, кубаттап элибизге чогуу кызмат кылабыз деп үмүт артамын", — деген Ташиев.
Ал 8 жылдан кийин да Садыр Жапаровдой элге күйгөн кыргыздын инсаны чыгат деп ишеним арткан.
Эске салсак, президент II Элдик курултайда Камчыбек Ташиев менен мамилеси тууралуу айткан.
Ал мамлекеттин башына тургандан тарта досу экөөнүн мамилесин бузууну көздөгөн аракеттер болуп келе жаткандыгын, бирок андай нерселер ишке ишпастыгын айткан эле. Ал эми Ташиевдин кол тийбестиги боюнча суроого ага муктаждык жоктугун, комитет жетекчисинин коопсуздугу көзөмөлдө экенин айткан.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана УКМК башчысы Камчыбек Ташиев. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.11.2023
Бир тал чачы түшпөйт. А.Жапаров Ташиев өзгөчө кайтарууга алынганын билдирди. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0