Мэрия Бишкектин чок ортосундагы унаа токтотмолорго сааттык төлөм киргизүүдө

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкекте токтоп турган унаалар. Архив
Бишкекте токтоп турган унаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.12.2023
Жазылуу
Долбоордун максаты — унаалардын агымын тартипке келтирүү, тыгындарды жоюу жана кыскартуу.
БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Бишкектин борбордук бөлүгүндөгү автоунаа токтоочу жайларга сааттык төлөм киргизилет. Бул тууралуу мэрия билдирди.
Азыр Токтогул — Тыныстанов — Фрунзе — Турусбеков көчөлөрү менен чектелген квадратта тесттик режимде иштеп жатат.
Төлөмдөр электрондук капчык, банк карталары аркылуу жүргүзүлөт.
"Жаңы ыкма Бишкек мэриясынын аймагынан башталат, ал жерде муниципалдык унаа токтотуучу жай да иштейт. Ордо калаанын борбордук бөлүгүндө унаалардын агымын тартипке келтирүү, тыгындарды жоюу жана кыскартуу боюнча пилоттук долбоорду ишке ашыруунун натыйжасында муниципалитет унаа токтотуучу жайларды зонага бөлүүнү жана жаңы форматта иштөө үчүн бардык муниципалдык унаа токтоочу жайларды электрондук системалар менен жабдууну пландаштырууда", — деп айтылат маалыматта.
Шаардагы жол белгилери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.12.2023
Бишкектин 8 көчөсү бир тараптуу болот. Тизме
Жаңылыктар түрмөгү
0