Ысык-Көлдөгү базарларда ижара акысы 20%га чейин арзандады

© Sputnik / Табылды КадырбековБазардын жер жемиш саткан жери. Архивдик сүрөт
Базардын жер жемиш саткан жери. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.12.2023
Жазылуу
Облустагы базар ээлери соода кылган жөнөкөй жарандарга шарт түзүп берип, базарлардын инфраструктурасын жакшыртып жатканы кошумчаланды.
БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. УКМК Ысык-Көл облусунун ири соода-базар комплекстеринин ээлери менен сүйлөшүп, соода жайларынын ижара акысын 20 пайызга чейин төмөндөтүү макулдашылды. Бул тууралуу атайын кызматтан кабарлашты.
Ижара акысы арзандай турган базарлар, соода жайлары:
"Ак-Тилек плюс" соода жайы (Каракол шаарындагы азык-түлүк базары), А.Бараковго катталган;
"Ак-Тилек" (Каракол шаарындагы кийим-кече, эт азыктары жана кургатылган жемиштерди саткан базар), Д.Исаевге катталган;
"Бугу" жана "Макиш" (Каракол шаарындагы жашылча базары, алтын зер буюмдары жана кийим-кече базары); А.Рыскуловго катталган;
"Ак-Тилек+5" (Каракол шаарындагы кийим-кече базары) Б.Өскөнбаевге катталган;
"Ак-Тилек+2" СБКсы (Каракол шаарындагы азык-түлүк базары), Т.Сакеевге катталган.
Облустагы базар ээлери соода кылган жөнөкөй жарандарга шарт түзүп берип, базарлардын инфраструктурасын жакшыртып жатканы кошумчаланды.
Базарда сатуу. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.12.2023
УКМК: Чүй облусундагы базарлардын ижара акысы арзандады
Жаңылыктар түрмөгү
0