Ак-Суу районунда РКӨФтүн колдоосу менен чакан ГЭС курулат

© Sputnik / Павел Львов / Медиабанкка өтүүСуу сактагычтан сууну агып чыгаруу. Архив
Суу сактагычтан сууну агып чыгаруу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.12.2023
Жазылуу
Курулуш иштерин 2025-жылдын күзүндө бүтүрүү пландалууда.
БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Боз-Учук дарыясына Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун колдоосу менен чакан ГЭС салынат.
Фонддун маалыматына караганда, долбоордун максаты — өлкөдө электр энергиясынын тартыштыгын жоюу. Анын жалпы баасы 4,8 миллион долларды түзсө, 3,3 миллиону фонд тарабынан каржыланат. Объектиде заманбап жогорку технологиялык жабдуулар колдонулмакчы.
Кубаттуулугу 5,43 мегакиловаттка жетип, жылына 26,9 миллион киловатт-саат электр энергиясын иштеп чыгара турганы айтылды. Бул Ак-Суу районунун тургундарынын электр энергиясына болгон муктаждыгынын 28 пайызын түзөт. Курулуш иштерин 2025-жылдын күзүндө бүтүрүү пландалууда.

"Чакан ГЭС куруу компаниябыздын биринчи долбоору. РКӨФтүн колдоосу гидрожабдууларды, түтүктөрдү сатып алууга жана курулуш-монтаждоо иштерин жүргүзүүгө мүмкүндүк берет", — деген "Ананьево ГЭС" компаниясынын директору Улукбек Жумашев.

Фонддун төрагасы Артем Новиковдун айтымында, акыркы 2,5 жылдын ичинде РКӨФ гидроэнергетика тармагында олуттуу компетенцияларды топтогон.
"Биз ишке ашырган долбоорлор Кыргызстандын энергетикалык көз карандысыздыгын бекемдөөгө чоң салым кошууда. Бирок биз муну менен эле токтоп калбайбыз, алдыда бул жаатта дагы көптөгөн ири жана кызыктуу долбоорлор бар", — деген Новиков.
Бишкекте санитардык-гигиеналык кагаз чыгарган завод ачылды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.12.2023
Бишкекте РКӨФтүн колдоосу менен дагы бир завод ачылды. Чоо-жайы
Жаңылыктар түрмөгү
0