Бишкекте коомдук транспорт боюнча суроо жаралса кайрылчу номерлер

© Sputnik / Жоомарт УраимовБишкекте аял автобуска отуруп жатат. Архив
Бишкекте аял автобуска отуруп жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.12.2023
Жазылуу
БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Бишкек мэриясы коомдук транспорт боюнча кайрылууларга жооп бере турган телефондорду жарыялады.
Эгер суроо жаралып, сунуш, пикир же арыз-даттануулар болсо WhatsApp 0502205202 номерине жазып, мэриянын 1850 жана 1840 кыска номерлерине чалса болот.
Эске салсак, мэрия шаардыктарды коомдук транспортко өтүүгө үндөп, ордо калаада автобустардын санын көбөйтүүдө.
Бишкек шаарындагы коомдук транспорт. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.12.2023
Бишкекте бүгүндөн баштап 36 маршрутка Чүй проспекти менен жүрбөйт
Жаңылыктар түрмөгү
0