Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Украина Куралдуу күчтөрү элине "коркунучтуу жылдын" башталарын эскертти

© AP Photo / LibkosАртемовск шаарында украиналык аскерлер көчөдө бара жатышат. Архив
Артемовск шаарында украиналык аскерлер көчөдө бара жатышат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.12.2023
Жазылуу
Сиротюктун пикиринде, калктын аскерге жарамдуу бөлүгүн мобилизациялабай туруп Украинанын Куралдуу күчтөрү кандайдыр бир ийгиликтерге жете албайт.
БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Кармаштын келерки жылы Украина үчүн эң кооптуу болорун NTA каналы менен маектешүүдө Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн камалоочу бригадасынын биринин сержанты Юрий Сиротюк айтып берген. Бул маалыматты РИА Новости таратты.
"Коомчулук алдыда бизди согуштун эң коркунучтуу жылы күтүп турганын аңдашы керек. Кармаш азыр тынчтык орноп турган жерлердин аймагына кирип келиши да мүмкүн", — деген ал.
Сиротюктун пикиринде, калктын аскерге жарамдуу бөлүгүнүн бардыгын мобилизациялабай туруп Украинанын Куралдуу күчтөрү кандайдыр бир ийгиликтерге жете албайт. Ал "аялдардын этегине жашынган", согушка жөнөтүүдөн качып кетип жаткан украиналыктарды айыптаган. Сиротюктун пикиринде, эртеби-кечпи, качкандарды россиялык армия чакырат.
Буга чейин Украинанын Коргоо министрлигинин чалгындоо боюнча башкы башкармалыгынын жетекчиси Кирилл Буданов мажбурлаган мобилизация уланып жаткандыгын билдирген. Анын айтымында, Украинанын коргонуу күчтөрүнө аскер жетишпей жатат. Буданов армиянын катарында жоготуулар уланып жатканын, алардын ордун толуктоо керектигин эскерткен.
Украин аскерлери Херсондун жанындагы фронтто Днепр дарыясынын жээгинде кайыкка түшүп жатышат. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.12.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Кырылдык... Украин ЖМКлары Днепрдин сол жээги үчүн күрөштүн майнапсыздыгы тууралуу
Жаңылыктар түрмөгү
0