АКШда Путиндин жаңы жыл алдындагы "жеңишине" нааразы болушту

© Sputnik / Павел Бедняков / Медиабанкка өтүүРФ Президенти Владимир Путин
РФ Президенти Владимир Путин - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.12.2023
Жазылуу
Журналист Украинага бериле турган Батыштын жардамы Киевдин ийгиликсиз контрчабуулунан кийин Вашингтон менен Брюсселде туруп калганын эске салган.
БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. Москвада майрамдык маанай, ал эми Россиянын президенти Владимир Путин жылды жеңиш менен аяктап жатат. Муну америкалык Washington Post басылмасынын баяндамачысы Франческа Эбель жазганын РИА Новости билдирди.
"Украинага бериле турган Батыштын жардамы Киевдин ийгиликсиз контрчабуулунан кийин Вашингтон менен Брюсселде туруп калып, кырдаал туңгуюкка кептелген мезгилде Россия Украина аймагынын 30 пайызын ээлеп, ал эми президент Владимир Путин 2023-жылды жеңиш менен аяктап жатат", — деп айтылган макалада.
Эбелдин айтымында, Москвада "жанданган майрамдык маанай", жүздөгөн россиялык "Щелкунчик" балетине билет алуу үчүн кезекте турат.
Материалда Россия президентинин эл аралык сапарларын жаңылап Сауд Арабиясы менен Бириккен Араб Эмирлигине барганына токтолушкан.
Кечээ Путин Коргоо министрлигинде өткөн коллегиялык жыйында Россия атайын операцияда коюлган максатынан кайтпастыгын жана керектүү деп эсептеген кадамдарын жасай турганын айткан.
РФ лидери Владимир Путин Коргоо министрлигинин кеңейтилген коллегиялык жыйынында  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.12.2023
Путин: Россия Украинанын эгемендүүлүгүнүн жападан жалгыз кепили болчу
Жаңылыктар түрмөгү
0