Көлбаевдин кылмыштуу кирешесин адалдаган деп экс-депутаттын уулу кармалды

© Фото / пресс-служба ГКНБ КРКамчы Көлбаевдин кылмыштуу каражатын адалдоо фактысы боюнча Жогорку Кеңештин экс-депутатынын М.А.М. аттуу уулу кармалды
Камчы Көлбаевдин кылмыштуу каражатын адалдоо фактысы боюнча Жогорку Кеңештин экс-депутатынын М.А.М. аттуу уулу кармалды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.12.2023
Жазылуу
Тергөө амалдары учурунда М.А.М. Дубайдагы 24 батирге ээлик кылары аныкталган. Анын баасы 4,5 миллион долларга бааланган.
БИШКЕК, 20-дек. – Sputnik. Камчы Көлбаевдин кылмыштуу каражатын адалдоо фактысы боюнча Жогорку Кеңештин экс-депутатынын М.А.М. аттуу уулу кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка караганда, шектүү 6-декабрда колго түштү. Кийин Октябрь райондук сотунун чечими менен №1 тергөө абагына камакка алынды.

"М.А.М. Көлбаевдин кылмыштуу ишмердүүлүгүн билип туруп, анын мыйзамсыз жол менен алган 2020-жылкы Lexus LX570 үлгүсүндөгү автоунаасын өзүнүн атына жаздырган. Муну менен ал машинанын чыныгы ээси ким экенин жашырууга мүмкүнчүлүк түзүп берген. Шектүү автоунааны өзүнүн атына каттатып, Көлбаевге жана уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө колдонууга берген. Мындан тышкары, М.А.М. Көлбаевдин үй-бүлөсү менен жакшы катышып, уюшкан кылмыштуу топтун жаштар менен спортчулар үчүн уюштурган спорттук иш-чараларын каржылап турган", — деп айтылат маалыматта.

Тергөө амалдары учурунда М.А.М. ээлик кылган көп сандагы мүлк аныкталган. Анын Дубайдын элиталык району катары эсептелген "Бизнес Бэйдеги" 24 батири 4,5 миллион долларга бааланган.
Укук коргоо органдарындагы ишенимдүү булактар кармалган киши экс-депутат Динара Исаеванын уулу экенин айтышты.
Учурда УКМК Камчы Көлбаевге тиешелүү мүлктү аныктоо жана мамлекетке кайтаруу боюнча ыкчам тергөө амалдарын улантууда.
Папка көтөргөн киши. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.12.2023
Көлбаев менен Матраимовго тиешеси бар делип 180 мамкызматкер иштен алынды
Жаңылыктар түрмөгү
0