Мамкызматкерлер соода кылганда чек талап кылууга милдеттүү. Өкмөт түшүндүрмөсү

© Sputnik / Александр КряжевКолунда чеки бар аял. Архив
Колунда чеки бар аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.12.2023
Жазылуу
Буга чейин бюджеттик тармакта иштегендердин бир канча суммага чейин ККМ чектерин жыйнап, салык органына тапшырууну керектигин айтышкан.
БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. Министрлер кабинетинен мамлекеттик кызматкерлерди соода кылганда эмне үчүн кассага көзөмөл кылган машиналардын чектерин жыйноого милдеттендирип жатканын түшүндүрүп беришти.
Жөнөкөй кызматкер айына сатып алуудан берилген 10 миң, жетекчилер 15 миң сомдон кем эмес суммадагы чектерди жыйнашы керек. Айдын аягында чектер Салык кызматына берилет.
Министрлер кабинетинен айтылган түшүндүрмөгө таянсак, бул иштер көмүскө экономика менен күрөшүү, салык тартибин сактоо жана экономика жаатындагы ачыктыкты түзүү максатында жасалып жатат. Башка керектөөчү катары эле мамлекеттик кызматкер да соода кылганда чекти талап кылыш керектиги айтылган.
“Бул чара мамлекеттик кызматкерлердин финансылык абалына таасирин тийгизбейт, бул чектерди алуу үчүн гана жасалган иш экенин белгилей кетели. Бюджеттик мекемелерде иштегендер ККМ чектерди талап кылууда эл үчүн өрнөк болушу керек”, — дешти министрлер кабинетинен.
Президент Садыр Жапаров II Элдик курултайда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.12.2023
Садыр Жапаров кыргызстандыктарды салыкты салым катары кабыл алууга чакырды
Жаңылыктар түрмөгү
0