Кыргызстанда мугалимдер менен окуучулар онлайн-окууну жактыра бербейт. Изилдөө

© AFP / JULIETTE JOCARDОкуучу үйүндө сабагын онлайн окуп жатат. Архивдик сүрөт
Окуучу үйүндө сабагын онлайн окуп жатат. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.12.2023
Жазылуу
БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. Кыргызстанда мугалимдер менен окуучулардын санариптик окууга өтүүгө даярдыгы боюнча изилдөөнүн жыйынтыгы сунушталды. Билим берүү жана илим министрлиги мындай мониторингди "Таалим-Форум" коомдук фонду жүргүзгөнүн билдирди.
Анда онлайн-окутуу куралдарын, санариптик байланышты, компьютердик көндүмдөрдү колдонуу жөндөмдүүлүгү каралган.
"Изилдөөнүн маалыматтарына ылайык, мугалимдер жана окуучулар салттуу окутууга артыкчылык беришти. Бул онлайн-окутуу куралдарын натыйжалуу пайдалануу, билим берүү системасында инновацияларды киргизүү жана масштабдоо үчүн көптөгөн маселелерди чечүү зарылдыгын көрсөтүп турат", — деп айтылат маалыматта.
Билим берүү министринин орун басары Лира Самыкбаева мындай жыйынтык санариптик билим берүү чөйрөсүн өнүктүрүү жаатында мындан аркы кадамдарды иштеп чыгууда эске алынарын айткан.
Окуучу экзамен учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.12.2023
Жогорку окуу жайларга кышкы кабыл алуу 4 тур менен өтөт. График
Жаңылыктар түрмөгү
0