Торжественное мероприятие по поднятию обновленного флага КР в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Кыргызстандын желегин өзгөртүү
Жогорку Кеңештин депутаттары Нурланбек Шакиев менен Улан Примов Кыргызстандын желегиндеги айрым элементтерди өзгөртүүнү сунуштап жатышат. Кеп түндүктүн чамгарагы менен күндүн нуру тууралуу болууда. Тармактык комитет мыйзам долбоорун колдоду. Эми депутаттар аны жалпы жыйында кенен талкуулашмакчы.

Туу өзгөрсө документтер мөөнөтү бүткөнчө, бийлик чечим чыгарганча жарактуу болот

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКР эл аралык паспорту. Архив
КР эл аралык паспорту. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.12.2023
Жазылуу
Мыйзам долбоору президент кол койгондон 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. Желек өзгөртүлгөндөн кийин паспорт, айдоочулук күбөлүк сыяктуу документтер мөөнөтү бүткөнчө жана мамлекеттик органдар алмаштыруу чечимин чыгарганга чейин жарактуу болот. Бул туурасында парламент кабыл алган мыйзам долбоорунда жазылган.
Документтеги желектин сүрөтү төмөнкүдөй тартипте алмаштырылат:
азыркы үлгүдөгү туунун сүрөтү түшүрүлгөн расмий документтердин бардык түрлөрү жарактуулук мөөнөтү аяктаганга чейин колдонулат. Жаңысын берип жатканда (паспорттор, айдоочулук күбөлүк) өзгөргөн желектин сүрөтү түшүрүлөт;
документтин жарактуулук мөөнөтү жок болсо мамлекеттик орган аны алмаштыруу чечимин кабыл алганга чейин пайдаланылат;
унаалардын номерлерине, транспортту каттоо жөнүндөгү күбөлүктөгү желектин сүрөтү да бийлик атайын чечим менен тыюу салганга чейин жарактуу болот.
Тууну өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору президент кол койгондон 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Бүгүн Жогорку Кеңеш долбоорду Садыр Жапаровдун кароосуна жөнөттү.
Жогорку Кеңештин отуруму. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.12.2023
Кыргызстандын желегин өзгөртүү
Тууну өзгөртүүгө кайсы депутат кандай добуш берди. Тизме
Жаңылыктар түрмөгү
0