22-декабрга карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековКөгүчкөндөр. Архив
Көгүчкөндөр. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.12.2023
Жазылуу
22-декабрга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот.
БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Жума күнү республика боюнча күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +5...+10, Таласта +4...+9, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +7...+12, Ысык-Көлдө +2...+7, ал эми Нарында -3...+2 градус болот.
Күндүн табы Бишкекте +8...+10, Ош калаасында +10...+12 градуска жетет.
Бишкекте кыз телефон менен отургучта отуруп жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.12.2023
Эки күндөн кийин Кыргызстанда күн кайра жылыйт
Жаңылыктар түрмөгү
0