Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Дүйшөбаев: чабандес кыздар Дубайдагы күлүк жарышка катышууга акча топтоодо

© Sputnik / Шабдан Абылгазы уулуСаяпкер Жаныбек Дүйшөбаев
Саяпкер Жаныбек Дүйшөбаев  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.12.2023
Жазылуу
Саяпкер Жаныбек Дүйшөбаев кыргыз күлүктөрү алыскы аралыктагы жарыштарга ыңгайлуу экенин айтып, бирок каражаттын жоктугунан эл аралык турнирлерге катышпай калып жатканын белгиледи.
Өлкөдө алыс аралыкка ат чапкан эки кыз бар. Алар Дубайдагы жарышка баруу үчүн өз алдынча каражат чогултуп жатышат. Бул тууралуу Жаныбек Дүйшөбаев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Дүйшөбаев: чабандес кыздар Дубайдагы күлүк жарышка катышууга акча топтоодо
Анын айтымында, аталган турнир 2024-жылы өтмөкчү.
"Казакстан адай породасын колдоого алып, 500-1000 чакырымга чейин жарыштарды уюштурушууда. Натыйжада алардын күлүгүн француз сатып алып, дүйнөлүк биринчиликти багындырды. Ал эми кыргыз тулпарлары тоо-ташта, бийик жерде өсүп, түздө, алыскы аралыктагы жарыштарда кыйналбай чуркашат. Бир катар эл аралык жарыштарда алдыңкы орундарды багындырышты. Бирок каражаттын жоктугунан бул багытта көзгө көрүнө турган ийгилик жаралбай келет. Мисалы, өлкөдө алыскы аралыкка ат чапкан эки чабандес кыз бар. Алар беш кишиден турган командасы менен 2024-жылы Дубайда өтө турган эл аралык турнирге катышуу үчүн каражат топтошууда. Дагы бир көйгөй — бул ат майдандын нормага ылайык эместиги. "Аккула" ат майданында ат чапканда жылкылар көп жаракат алат. Натыйжада сырттан күлүктөрдү алып келүүдөн карманган учурлар кездешет", — деди Дүйшөбаев.
Ошондой эле ал жаңы кыргыз породадагы жылкыларды жайылтуу мезгил талабы экенин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0