Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Блинкен: Украинаны өнүктүрүү боюнча Вашингтондун "өтө так планы" бар

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүАКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен
АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.12.2023
Жазылуу
Өткөн аптада Пентагондун расмий өкүлү АКШга өзүнүн согушка даярдыгын күчөтүүнү же Украинага курал жөнөтүүнү тандоого туура келерин айткан эле.
БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Вашингтондун Украинаны өнүктүрүү боюнча "өтө так планы" бар, анда азыркыдай болуп жардам көрсөтүп турууга туура келбейт. Буларды АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен мамлекеттик департаменттин ишинин жыйынтыгы боюнча берген маалымат жыйында айтканын РИА Новости жазды.
"Украинаны экономикалык, аскердик жана демократиялык жактан бутуна тургузууга кепилдик берген өтө так план бар. Анда азыркы деңгээлдегидей кылып жардам бөлүүгө зарылдык болбой калат", — деген ал.
Блинкендин айтымында, АКШ жана анын создаштары Киевге "бул кыштан чыгып, жаз менен жайдан өтүүгө" көмөктөшүүсү керек. Мамкатчы бул колдоо Украинанын "өз киндигин өзү кесип, бутуна туруп калган" стадияга киришине мүмкүнчүлүк берет.
Өткөн аптада Пентагондун расмий өкүлү Патрик Райдер АКШга өзүнүн согушка даярдыгын күчөтүүнү же Украинага курал жөнөтүүнү тандоого туура келерин айткан. Ал Азыр Вашингтондун Киевге жардам кылууга караган 4,4 миллиард доллары жана өзүнүн корун толтурууга караган бир миллиард доллары бар экенин билдирген.
Президент Жозеф Байден күзүндө Украина менен Израилге жардам кылуу жана Азия-Тынч океан аймагындагы иштер үчүн 106 миллиард доллар сураган. Бирок мунусу Конгресстен колдоо тапкан эмес. Сурам эки палатанын макулдугу менен бекитилиши керек. Ак үй АКШнын чек араларын сактоо жаатындагы мамилесин өзгөртмөйүн, республикачылар Киев бийлигине каражат бөлүү маселесин колдобой турганын айтышкан. Жыйынтыгында Өкүлдөр палатасы (аларда республикачылар басымдуулук кылат – ред.) Тель-Авивге гана жардам көрсөтүүнү колдогон, бирок демократтар көзөмөлдөгөн сенат бул чечимге бөгөт коюп салган.
Декабрдын башында америкалык парламенттин жогорку палатасы Украина, Израиль жана Тайванга жардам үчүн 100 миллиард доллар бөлүүнү караган мыйзам долбоорун киргизүүдөн баш тарткан. Натыйжада Өкүлдөр палатасы жаңы жылдык каникулга чыгып кетип, ал эми сенат бюджеттик кошумча акчаларды бөлүүнү улантуу үчүн жогорудагы долбоорду жылдыра турууну чечти. Мунун ичинде Киев бийлигине бериле турган жардам да бар.
Вашингтондогу Капитолий имаратынын жанында АКШ менен Украинанын желектери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.11.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Конгрессмен АКШнын Украина боюнча планы жок экенин билдирди
Жаңылыктар түрмөгү
0