"Чек талап кылып байге утуп ал!" лотереясына 400 миң кыргызстандык катышууда

© Фото / пресс-служба ГНС КР"Чек талап кылып, байге утуп ал" лотереясы. Архивдик сүрөт
Чек талап кылып, байге утуп ал лотереясы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.12.2023
Жазылуу
Лотереялар 25-30-декабрь күндөрү ойнотулат.
БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Мамлекеттик салык кызматы 25-30-декабрь күндөрү "Чек талап кылып байге утуп ал!" лотереясынын экинчи этабынын жыйынтыгы чыгарын эске салды.
Маалыматта алгачкы төрт күндө 521 iPhone 14, 519 смартфон, 158 ноутбук жана 21 Dyson фени ойнотулары айтылат. Ал эми 30-декабрда 10 батирдин, 11 электромобилдин жана чет өлкөгө төрт жолдомонун жеңүүчүлөрү аныкталмакчы.
Утуштар УТРК жана "Ала-Тоо 24" каналдарында, ошондой эле Салык кызматынын соцбаракчаларында түз эфирде өтөт. Башталышы 15:00дө.
Элдин лотереяга катышуусу ишкерлердин ККМ колдонуусун көзөмөлдөөчү кадам болуп саналат. Оюн 2022-жылы башталып, биринчи этабы 1-июлга чейин созулган.
Учурда Салык кызматынын лотереясына 400 миңден ашуун кыргызстандык катышууда.
Телефон кармап отурган киши. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.12.2023
Salyk.kg мобилдик тиркемеси ишке кирди. Артыкчылыктары
Жаңылыктар түрмөгү
0