Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Темиркулов: экологиянын бузулушуна өнүккөн өлкөлөрдүн салымы чоң

© Sputnik / Шабдан Абылгазы уулуДиректор Центра климатического финансирования при Кабинете Министров КР Азамат Темиркулов
Директор Центра климатического финансирования при Кабинете Министров КР Азамат Темиркулов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.12.2023
Жазылуу
Министрлер кабинетине караштуу Климаттык каржылоо борборунун директору Азамат Темиркулов аталган борбор аркылуу климаттык долбоорлорго тыштан инвестицияларды тартуу максатталып жатканын маалымдады.
Дүйнөдө климат кескин өзгөрүүдө. Ошондуктан өнүккөн өлкөлөр климаттык каржылоону 100 миллиард доларга жеткирүү планын коюшкан. Тилекке каршы, бул көрсөткүчкө азырынча жетүүгө мүмкүн болбой жатканын Азамат Темиркулов Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Темиркулов: экологиянын бузулушуна өнүккөн өлкөлөрдүн салымы чоң
Анын айтымында, ошол каражаттын эсебинен дүйнө жүзү боюнча экологиялык долбоорлор ишке ашырылат.
"Дүйнөлүк банк, Азия өнүктүрүү банкы жана Европа өнүктүрүү банкынын сунушу менен 2017-жылы Климаттык каржылоо борбору түзүлгөн. Борбор эл аралык донорлор жана өлкөдөгү мамлекеттик органдар менен иш алып барат. Учурда дүйнөдө климат өзгөрүүдө, ошону алдын алуу максатында бардык өлкөлөр атайын конвенция кабыл алышкан. Ага ылайык, глобалдык жылуулукту алдын алуу мерчемделүүдө. Бул үчүн бардык өлкөлөр экономиканы өзгөртүүсү зарыл. Мындан улам ар бир мамлекет өз алдынча климаттык өзгөрүүлөрдү алдын алуу боюнча программасын сунуштайт. Мисалы, Кыргызстан эл аралык финансылык колдоо болсо атмосферага терс заттарды бөлүп чыгарууну 40 пайызга төмөндөтөрүн, эгерде эч кандай көмөк болбосо, жок дегенде 16 пайызга чейин өз алдынча төмөндөтө турганын билдирген. Ага жетүү үчүн энергетика, айыл чарба, экономика жана башка тармактарда жасала турган иш-чаралардын планы иштелип чыгууда. Глобалдык климаттын учурдагы абалына өнүккөн өлкөлөрдүн салымы көп, ири өндүрүшүнүн натыйжасында экологияга эбегейсиз зыян келди. Ошондуктан алар климаттык каржылоону 100 миллиард доларга жеткирүүгө макул болгон, бирок азырынча бул көрсөткүчкө жете албай жатабыз. Ошол каражаттын эсебинен өлкөдөгү долбоорлорду ишке ашыруу жолдору каралууда", — деди Темиркулов.
Ошондой эле ал өлкөдө экологияны жакшыртууга багытталган 4-5 долбоор ишке ашырылып жатканын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0