Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматына жаңы жетекчи келди

© Фото / пресс-служба Госстроя Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын директору Мырзабек Жыпаркулов. Архив
Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын директору Мырзабек Жыпаркулов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.12.2023
Жазылуу
БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Мырзабек Жыпаркулов Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын директору болуп дайындалды.
Тийиштүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.
Эске салсак, Жыпаркулов үстүбүздөгү жылдын январь айынын соңунан ноябрга чейин Мамлекеттик курулуш агенттигин жетектеп келген. Ал эми 2021-жылы 3-16-апрель аралыгында Бишкек мэриясынын аппаратын жетектеген (өз каалоосу менен иштен кеткен). 2020-жылдан 2021-жылга чейин Экология жана техникалык коопсуздук инспекциясынын директору болгон.
Болотбек Одракаев Бишкек суу чарба муниципалдык ишканасынын директору болуп дайындалды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.12.2023
Бишкек шаарынын мэри кадрдык өзгөртүүлөрдү жасады
Жаңылыктар түрмөгү
0