Мамлекеттик кызматта жетекчи болом дегендер калп детекторунан өтөт

© Sputnik / Эркин СадыковКызды полиграф аркылуу текшерүү. Архивдик сүрөт
Кызды полиграф аркылуу текшерүү. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.12.2023
Жазылуу
Полиграфтан (калп детектору) өткөрүүнүн негизги максаты — талапкерлердин коррупцияга азгырылып кетпей турганын аныктоо.
БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Эми мамлекеттик кызматтын жетекчилигине талапкерлер калп детекторунан өтөт. Бул туурасында Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Кудайберген Базарбаев билдирди.
Полиграфтан (калп детектору) өткөрүүнүн негизги максаты — талапкерлердин коррупциялык азгырыктарга моюн бербестигин аныктоо.
"Инструмент мамлекеттик жана муниципалдык кызматка таза, мекенчил кадрларды тартууга жардам берет", — деп билдирди Базарбаев.
Ведомство ошондой эле кадр тандоого эки даана мультипсихомер алган. Аппарат талапкердин компетенттүүлүгүн, инсандыгын, психологиялык сапаттарын баалап, лидерлик потенциалын, IQ деңгээлин аныктай алат.
Мамлекеттик кызмат жана өз алдынча башкаруу агенттигинин директору Элчибек Жантаев  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.08.2022
Радио
Жантаев: Ош, Бишкектин мэрлигине 8 адам талапкер катары резервде турат
Жаңылыктар түрмөгү
0