Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Жаӊы жылдын биринчи үч айында линияга дагы 500 автобус чыгат

© Sputnik / Асель СыдыковаБишкек шаарынын мэринин орун басары Максатбек Сазыкулов
Бишкек шаарынын мэринин орун басары Максатбек Сазыкулов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.12.2023
Жазылуу
Бишкек шаарынын мэринин орун басары Максатбек Сазыкулов мамлекет тарабынан 1000ден ашык автобус сатып алынганын айтты.
Жаӊы жылдын биринчи үч айында линияга дагы 500 автобус чыгат. Бул тууралуу Максатбек Сазыкулов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Жаӊы жылдын биринчи үч айында линияга дагы 500 автобус чыгат
Анын айтымында, азыркы күндө автобустар 26 линияда иштеп жатат.
"Борбор калаада жол кыймылынын схемасындагы өзгөртүүлөр коомдук транспорттун абалын жакшыртуу жаатындагы жумуштардын жаӊы этабы десек болот. 18-декабрдан тарта Чүй проспектинин Ибраимов көчөсүнөн Жаш Гвардия бульварына чейинки бөлүгүндөгү кичи автобустук каттамдардын кыймылы толугу менен альтернативалуу Киев, Токтогул жана Фрунзе көчөлөрүнө багытталды. Бул Чүй көчөсүндөгү жүктөмдү жана тыгынды азайтуу максатында жасалууда. Августтун аягында Бишкек шаарында 130 эле автобус болсо, азыр жаӊы автобустардын эле саны 600дөн ашты. Жаӊы жылда дагы 50дөй автобус линияга чыгат. Ал эми учурда муниципалдык 130 троллейбус, 300гө жакын кичи автобус жүрүп жатат. Буга кошумча, жеке ишканаларга тешелүү 600-700 кичи автобус бар. Жаӊы автобустар — газ менен жүрүүчү экологиялык таза транспорттор. Линияга жаӊы автобустар чыккан сайын дизель менен жүргөн кичи автобустар кызматтан чыгарылууда. Ошондой эле 2024-жылдын 8-январына чейин Бишкектеги бир тараптуу жана эки тараптуу кыймылга өзгөртүүлөр кирет. Коопсуздукту камсыздоо үчүн көчөлөргө керектүү жол белгилери коюлат", — деди Сазыкулов.
Ал мэрия келечекте автобустар жүрө турган асфальт жолдорду көбөйтүп, кичи автобустардын санын азайтууну көздөп жатканын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0