Москва: фотожурналистика боюнча Андрей Стенин атындагы юбилейлик сынак башталды

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүФотожурналистика боюнча Андрей Стенин атындагы юбилейлик сынак башталды
Фотожурналистика боюнча Андрей Стенин атындагы юбилейлик сынак башталды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.12.2023
Жазылуу
Конкурсанттар жаңы номинация боюнча визуалдык жаңы ракурстан фотоаппаратка, чөнтөк телефонго же дрондун камерасы менен тартып, катыша алышат.
БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Москва шаарында Андрей Стениндин элесине арналган жаш фотокесипкөйлөрдүн сынагына эмгектерди кабыл алуу башталды.
Донецк шаарына жакын жерге өзүнүн кесиптик милдетин аткаруу үчүн барып, 2014-жылы жай айында курман болгон "Россия сегодня" медиатобунун фотокабарчысы Андрей Стениндин атын алып жүргөн сынак, салтка айлангандай, анын туулган күнүндө — 22-декабрда старт алды.
Юбилейлик бул жылы сынактын уюштуруу комитети номинациялардын пулун өзгөртүү чечимин кабыл алды. "Башкы жаңылыктар", "Спорт", "Менин планетам", "Портрет. Биздин замандын каарманы" номинацияларына дагы бир "Үстүдөн алгандагы көрүнүш" аталышындагы түрү кошулду. Конкурсанттар визуалдык жаңы ракурстан фотоаппаратка, чөнтөк телефондун камерасына же дрондун камерасы менен тартып, катыша алышат. Жаңы номинациядагы өзгөчө ирмемдер жана сюжеттер баалоодогу негизги критерий катары каралат.
"Башкы жаңылыктар", "Менин планетам", "Портрет. Биздин замандын каарманы" номинацияларына категориялардын саны өзгөргөн эмес. "Спорт", "Үстүдөн алгандагы көрүнүшкө" жалгыз сүрөттөр гана катыша алат.
Андрей Стенин атындагы сынактын куратору Оксана Олейник сынак тууралуу өзүнүн пикирин билдирди.
"Кесиптешибиз жана аскер кабарчысы Андрей Стенин атындагы юбилейлик, тагыраагы, онунчу ирет өтүп жаткан сынакка кубанып турабыз. Он жыл ичинде ал таланттуу жаш сүрөтчүлөр үчүн чыныгы, көп улуттуу аянтча болуп калды. Бул тобокелге салуудан коркпогон, жаңы ракурстарды издеген жана өзүнүн пикирин эркин жана калыс чагылдырып берген адамдар үчүн. Стенин сынагы — көбүртүп-жабыртпай эле айтканда, эл аралык фотоафишага айланды. Аны күтүшөт, талкуулап, талашып-тартышат, аны менен сыймыктанышат. Буга калыстык кылууга чакырган жана эми да чакыра берген фоточеберлердин жогорку эксперттик деңгээли далил. Лауреаттардын эмгектерин көрсөтүү үчүн алып барган өлкөлөр менен шаардагылардын сынакка болгон кызыгуусунун артканын да кошумчаласак болот", — деди ал.
18ден 33 жашка чейинки фотокесипкөйлөр арыздарын конкурстун орус тилиндеги, англис жана кытай тилиндеги сайттарына калтыра алат.
2024-жылга карата сынакка эмгектерди кабыл алуу башталды, эми ал 16-мартка чейин уланат.
Сынактын 2023-жылдагы байге фонду биринчи, экинчи жана үчүнчү орундар үчүн 125, 100 жана 75 миң рубль. Стенин атындагы сынактын гран-присине татыган фотографка 700 миң рубль ыйгарылат.
Жаңы сынак өзүнүн жеңүүчүлөрүнүн россиялык жана чет элдик шаарлардагы көргөзмө турнесин өткөрүү салтын сактайт. Роуд-шоу жаш фотокабарчыларга өзүнүн эмгектерин дүйнөгө көрсөтүп, дүйнө коомчулугунун көңүлүн актуалдуу көйгөйлөргө, азыркы замандын чечүүнү талап кылган маселелерине бурууга мүмкүнчүлүк берет. Конкурстун эмгектеринин географиясы 2014-жылдан бери Европадагы, Азиядагы, Латын Америкасындагы, Африкадагы жана Жакынкы Чыгыштагы 40 шаарды бириктирди.
Сынак уюштурулгандан бери анын жеңүүчүлөрүнүн эмгектерин Кытай, Түштүк Африка Республикасы, Мексика, Аргентина, Уругвай, Колумбия, Конго, Түркия, Ливан, Германия, Испания, Италия, Греция, Венгрия, Польша, Египет жага башка өлкөлөрдүн жашоочулары көрдү.
Андей Стенин атындагы эл аралык конкурсту 2023-жылы россиялык жана чет өлкөлүк ири ЖМК, маалымат агенттиктеринин, фотокоомчулуктардын колдоосунда өттү. Эки номинацияга "Жалпы арабдык Аль-Маядин ТВ" маалымат холдинги өнөктөш болду.

Сынак туурасында

"Россия сегодня" эл аралык медиатобу уюштуруп, РФтин ЮНЕСКО иштери боюнча комиссиясы колдоого алган сүрөттөрдү чогулткан Андрей Стенин атындагы сынактын максаты — жаш фотографтарды колдоо, учурдагы фотожурналистикага коомчулуктун көңүлүн буруу. Бул — жаш сүрөтчүлөрдүн, таланттуулардын, жаңычылдыкты илип кеткен сезимтал жана ачык балдардын аянтчасы. Бул жерде алар биздин көңүлүбүздү айланабызда эле жашап жаткан адамдарга, болуп жаткан окуяларга бурат.
Сынактын башкы маалыматтык өнөктөштөрү: ВГТРК (Жалпы россиялык мамлекеттик телерадиокомпания) (Россия), СМОТРИМ (Россия) онлайн-платформасы, "Россия-Культура" жалпы россиялык мамлекеттик телеканалы (Россия), "Москва 24" телеканалы.
Эл аралык маалыматтык өнөктөштүк кылгандар: Sputnik маалымат агенттиги жана радиосу (эл аралык), RT телеканалы жана порталы (эл аралык), Independent Media медиахолдинги (Түштүк Африка Республикасы), ANA жаңылыктар сайты (Түштүк Африка Республикасы), Shanghai United Media Group (SUMG) (Кытай), China Daily гезитинин интернет-порталы (Кытай), The Paper интернет-порталы (Кытай), Al Mayadeen медиатармагы (Ливан).
Фото Вечнозеленая улыбка индийского фотографа Шибашиш Саха, вошедшее в шорт-лист конкурса имени Андрея Стенина в категории Портрет. Герой нашего времени, Одиночная фотография - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.07.2022
Кар ажыдаарынын бийи жана чиркөө. Стенин атындагы фото сынактан 15 мыкты эмгек
Жаңылыктар түрмөгү
0