Өкмөт эмдөө үчүн кошумча каражат бөлөт

© AFP / CHAIDEER MAHYUDDINМедайым ымыркайды эмдеп жатат. Архивдик сүрөт
Медайым ымыркайды эмдеп жатат. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.12.2023
Жазылуу
Байсалов вакцинация жана иммундук профилактика боюнча иштер күчөтүлүшү керектигин белгиледи.
БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Эмдөөнүн зарылдыгы тууралуу түшүндүрүү ишин күчөтүү керек, министрлер кабинети вакцина алуу үчүн тиешелүү каражатты бөлөт. Бул тууралуу өкмөт башчынын орун басары Эдил Байсалов өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал талкууланган жыйында билдирди.
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, республикада быйыл кызамык менен кызылчага шектелген 6 228 учур катталса, 5 894 баладан кызамык (корь — ред.) аныкталган. Вакцинанын биринчи дозасы сайылгандар 76 пайызды түзсө, экинчи дозаны балдардын 76,5 пайызы алган.
Байсалов вакцинация жана иммундук профилактика боюнча иштер күчөтүлүшү керектигин белгиледи.
"Ар бир бала мамлекеттин коргоосуна алынган. Баланын ден соолугуна кам көрүү мамлекеттин артыкчылыктуу багыты гана болбостон, билим берүү сыяктуу эң башкы функциясы дагы. Бул — улуттук коопсуздук маселеси. Балдарды эмдөө ишин күчөтүү керек, эмдөөнүн зарылдыгы тууралуу маалымат берүү, түшүндүрүү иштери да жигердүү жүрүшү кажет. Министрлер кабинети вакцина сатып алууга тиешелүү каражатты бөлүп берет", — деди Байсалов.
Жыйын соңу менен Саламаттык сактоо министрлигине ооруну алдын алчу иш-чараларды улантуу, ал эми Билим берүү жана илим министрлигине ата-энелер менен балдардын арасында эмдөөнүн зарылдыгы жаатында социалдык мобилизация жүргүзүү тапшырылды.
Муну менен бирге муфтият Саламаттык сактоо министрлигине вакцинация жүргүзүүгө жардам берүүгө милдеттендирилген. Ал эми Финансы министрлиги 2024-жылы калкты иммунизациялоо иш-чараларын өткөрүү үчүн кошумча каражат бөлүү маселесин карашы керек.
Медициналык адис кош бойлуу аялга УЗИ кылып жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.12.2023
Өзүн карабаган эне баласынын ден соолугуна балта чабат. Педиатрдын маеги
Жаңылыктар түрмөгү
0