Садыр Жапаров Санкт-Петербургга ЕАЭБ жана КМШ лидерлеринин жолугушуусуна барат

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Садыр Жапаров. Архив
Президент Садыр Жапаров. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.12.2023
Жазылуу
Кыргызстан Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине 2023-жылы төрагалык кылган.
БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров 25-26-декабрда Санкт-Петербург шаарында Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин (ЖЕЭК) кезектеги отурумуна жана Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине кирген өлкөлөрдүн жетекчилеринин бейформал жолугушуусуна катышат.
Бул тууралуу билдирген президенттин администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев биримдиктин ишмердүүлүгү үчүн зарыл болгон чечимдер караларын айткан.
"Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин отурумунун жүрүшүндө мамлекет башчылары тарабынан Биримдиктин мындан аркы ишмердүүлүгү үчүн зарыл болгон чечимдер каралат. Атап айтканда, Комиссиянын Коллегиясынын жана ЕАЭБ сотунун мүчөлөрү, Биримдиктин эл аралык ишмердүүлүгүнүн 2024-жылга негизги багыттары, ЕАЭБ макроэкономикалык саясатынын 2024-2025-жылдарга багыттары бекитилет", — деген ал.
2030 жана 2045-жылдарга чейинки мезгилде Евразия экономикалык биримдигинин алкагында интеграциялык процесстерди андан ары өнүктүрүүнүн милдеттери жана негизги багыттары талкууланмакчы. Мындан тышкары, отурумдун алкагында Иран Ислам Республикасы менен ЕАЭБдин эркин соода аймагы жөнүндө макулдашууга кол коюу күтүлүүдө.
Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө мамлекеттердин жетекчилеринин бейформал жолугушуусунда 2023-жылы болгон өз ара кызматташуунун жыйынтыктары чыгарылат. Келечекке карата негизги милдеттер аныкталат, актуалдуу эл аралык жана регионалдык темалар боюнча пикир алмашуу болот.
Кыргызстан КМШга 2023-жылы төрагалык кылган.
Россиянын президенти Владимир Путин менен президент Садыр Жапаров КМШнын Бишкектеги саммитинде - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.10.2023
Бишкектеги КМШ саммити
Кол алышкан, жылмайган КМШ президенттери. Саммиттен 14 сүрөт
Жаңылыктар түрмөгү
0