Төрөбаев 2024-жылы кайсы жолдор оңдоло турганын айтты. Тизме

© Sputnik / Илья Наймушин / Медиабанкка өтүүЖол оңдоо иштери. рхивдик сүрөт
Жол оңдоо иштери. рхивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.12.2023
Жазылуу
БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев 2024-жылы транспорт жана жол тармагында аткарыла турган иштер боюнча айтып берди.
Төрөбаев төмөнкүлөрдү тизмектеди:
Түндүк – Түштүк альтернативалуу жолу эксплуатацияга берилет;
Балыкчы – Чолпон-Ата – Корумду жолунда асфальт төшөө иштери аяктайт;
Түп – Кеген, Каркыра – Турук – Сары-Жаз, Балыкчы – Бөкөнбаев – Барскоон, Нарын – Баетов, Ала-Бука – Жаңы-Базар – Киров, Ош – Баткен – Исфана жолдорун реконструкциялоо уланат;
Корумду – Балбай баатыр жолун реконструкциялоо башталат.
Кытай менен 3-альтернативдүү жол — Бедел жаңы өткөрмө пункту пайда болот;
Эркеч-Тамда төрт тилкелүү “Достук-Көпүрөсү” ачылат”.
Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолун куруу иштери жүрүп, 20 чакырым Балыкчы — Кочкор темир жолу салынарын айтты.
Лифт жасоочу заводундагы кызматкер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.12.2023
Өкмөт: 2026-жылга чейин Кыргызстанда 20 ири завод ачылат
Жаңылыктар түрмөгү
0