8 млрд. сом: темир жол, суу сактагычтар салынат. Бийликтин жакынкы пландары

© Sputnik / Табылды КадырбековТемир жолун салып жаткан жумушчулар. Архив
Темир жолун салып жаткан жумушчулар. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.12.2023
Жазылуу
Келе жаткан жылда эки жүзгө чукул жаңы социалдык объектилер куруларын айтышты.
БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Министрлер кабинетинен келерки жылы ар кыл курулуштарга 8 миллиард сом бөлүнгөнүн, бул сумма өсүшү мүмкүндүгүн билдиришти.
Өкмөттө 2023-жылдын жыйынтыктоочу жыйыны болуп, анда алдыңкы жылдарга коюлган пландар айтылды. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев 2024-жылы ири долбоорлор ишке ашырыла турганын убадалап, аларды тизмектеди.
2024-жылы аткарыла турган пландар:
2024-жылы жаңы 154 мектеп, 45 бала бакча салынса, саламаттыкты сактоо тармагында 23 объект курулат. Мунун баарына 8 миллиард сом бөлүнмөкчү;
2024-жылы айыл чарба тармагында чоң өзгөрүш болуп завод, цех, суу сактагычтар салынат. 55 айылга таза суу кирет;
2024-жылы Түндүк – Түштүк альтернативалуу жолу эксплуатацияга берилип, Балыкчы –Корумду жолунда асфальт төшөө иштери аягына чыгарылат. Балыкчы — Кочкор темир жолу салынат;
Кытай менен чектешкен жерде жаңы "Бедел" өткөрмө пункту (Ысык-Көл облусу) пайда болот;
Кыргызстан боюнча 500 чакырымдан кем эмес жолдорду оңдоо пландалууда.
Мындан тышкары, 2026-жылга чейин Кыргызстанда 2 миллиард долларга 20 ири завод ачылары да айтылды. Анда аз дегенде 11 миң адам жумуш менен камсыз болушат.
Аэропорттогу жүргүнчү. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2023
Президент Жапаров миграцияга кеткендерди өлкөдөн жумуш караштырууга чакырды
Жаңылыктар түрмөгү
0