Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Юрист шайлоого барууга милдеттендирсе болобу деген суроого жооп берди

© Sputnik / Акбар Акжигитов"Тандем" аналитикалык борборунун жетекчиси, юрист Таттыбүбү Эргешбаева
Тандем аналитикалык борборунун жетекчиси, юрист Таттыбүбү Эргешбаева  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.12.2023
Жазылуу
"Тандем" аналитикалык борборунун жетекчиси, юрист Таттыбүбү Эргешбаева жарандарды мыйзам аркылуу шайлоого барууга милдеттендирсе болобу деген суроого жооп берди.
Шайлоого барууну мыйзам аркылуу милдеттендирүү Конституцияга каршы келет. Бул тууралуу Таттыбүбү Эргешбаева Sputnik Кыргызстан радиосунун "Онлайн-адвокат" рубрикасында билдирди.
Юрист шайлоого барууга милдеттендирсе болобу деген суроого жооп берди
Анын айтымында, мындай чечимди кабыл алуу үчүн илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү зарыл.
"Дүйнөдө шайлоого барууну милдеттендирген мыйзамдар бар. Бирок бул маселени ар бир өлкө өзүнүн мыйзамдык концепциясына, саясий системасына, өлкөдөгү саясий, социалдык, экономикалык процесстерге жараша аныкташы керек. Ошондой эле изилдөө жүргүзүп, анализ кылуу зарыл. Конституцияга ылайык, шайлоолор жана референдумдар эркин, жалпы, тең жана тике шайлоо укуктарынын негизинде жашыруун добуш берүү менен өткөрүлөт. Кыргызстандын 18 жашка толгон жарандары шайлоо укугуна ээ экени жазылган. Ошондуктан шайлоого барууну мыйзам аркылуу милдеттендирүү Баш мыйзамга карама-каршы келет. Айрым учурда мамлекет конституциялык укукту чектей алат. Бирок азыркы тапта буга муктаждык барбы деген суроо жаралат. Анткени шайлоолорго 30 пайыздан 60 пайызга чейин шайлоочу келүүдө. Кээ бир өлкөлөрдө бул көрсөткүч 10-15 пайыздан ашпай калган учурлар болгон. Ошондуктан бул маселеге маани берип кароо керек", — деди Эргешбаева.
Ошондой эле ал дүйнөдө мындай учурда административдик чарадан кылмыш жоопкерчилигине чейин тарткан өлкөлөр бар экенин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0