Статком: 17 жашка чейинки кыргызстандык балдардын 40,3%ы жакырчылыкта жашайт

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкектеги базарлардын биринде арабачан бала. Архив
Бишкектеги базарлардын биринде арабачан бала. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.12.2023
Жазылуу
Жакырчылыкта жашаган кыргызстандыктардын жарымынан көбү — элет тургундары.
БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. 2022-жылы Кыргызстанда кедейликтин чегинде 2 миллион 333 миң адам жашаганы аныкталган. Алар республикадагы калктын 33,2 пайызын түзгөн. Бул тууралуу Статкомдун "Статистика карталарда" басылмасында айтылат.
Жакырчылыкта жашаган кыргызстандыктардын 62,2 пайызы айыл тургундары экени маалым болду.
"2021-жылга салыштырмалуу 2022-жылы жакырчылык чектин деңгээли бардык региондордо өскөн. Ошол эле учурда 17 жашка чейинки балдардын 40,3 пайызы же 126 миң адам начар шарттарда жашайт", — деп айтылат маалыматта.
Калктын жакырчылык деңгээли аймактар боюнча төмөнкүдөй белгиленген:
Баткен облусунда — 48,5 пайыз;
Жалал-Абад облусунда — 47,1 пайыз;
Нарын облусунда — 42 пайыз;
Ысык-Көл облусунда — 31,2 пайыз;
Чүй облусунда — 26,1 пайыз;
Талас облусунда — 23,9 пайыз;
Ош облусунда — 19,9 пайыз.
Ал эми Бишкек шаарында кедейликтин деңгээли — 35,7, Ош шаарында 26,6 пайыз экени айтылды.
Аял тамактанып жатат - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.12.2023
Кыргызстандын кайсы аймагында жакшы тамактанышат. Статистика
Жаңылыктар түрмөгү
0