25-декабрга карата аба ырайы

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүКиши сейил бакта бара жатат. Архив
Киши сейил бакта бара жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.12.2023
Жазылуу
25-декабрда күндүз республика аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетиши күтүлөт.
БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Дүйшөмбүдө түнкүсүн өлкө боюнча кар жаабайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Талас чөлкөмдөрүндө +11…+16, Ысык-Көл жеринде +3…+8, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +12…+17, Нарын облусунда -2…+3 градусту көрсөтөт.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +14…+16, Ош шаарында +15…+17 градус болот.
Ала-Тоо аянтындагы жаңы жылдык балаты. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.12.2023
Кыргызстандын борбору менен аймактарындагы балатылар. Сүрөт топтом
Жаңылыктар түрмөгү
0