Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Пиротехникалык каражаттарды колдонууда эмнелерди эске алуу керек?

© Sputnik / Асель СыдыковаӨКМдин Өрт өчүрүү жана алдын алуу башкармалыгынын улук офицери, майор Асхат Муканов
ӨКМдин Өрт өчүрүү жана алдын алуу башкармалыгынын улук офицери, майор Асхат Муканов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.12.2023
Жазылуу
ӨКМдин Өрт өчүрүү жана алдын алуу башкармалыгынын улук офицери, майор Асхат Муканов пиротехникалык каражаттарды колдонуунун негизги эрежелери тууралуу айтып берди.
2023-жылдын башынан бери өлкөдө 3 116 өрт кырсыгы катталып, былтыркыга салыштырмалуу кырсыктын саны көп болууда. Былтыр 2 821 учур катталган болчу. Бул тууралуу Асхат Муканов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Пиротехникалык каражаттарды колдонууда эмнелерди эске алуу керек?
Анын айтымында, пиротехникалык каражаттарды көзөмөлсүз сатуу жана аларды өрт коопсуздугунун зарыл чараларын сактабастан пайдалануу көптөгөн кырсыктардын, адамдардын жаракат алышынын, ал тургай өлүмүнүн себептери болуп калышы мүмкүн.
"Кышкысын өрт кырсыктарынын келип чыгышынын дагы бир себеби пиротехникалык каражаттарды туура эмес колдонуу болуп эсептелет. Учурда өрт коопсуздугу боюнча шаар, айыл аймактардагы сатуучуларга аталган каражаттарды сатуу жана сактоо боюнча үгүт-насаат иштери жүрүүдө. Пиротехникалык каражаттарды колдонуудан мурун нускамасындагы көрсөтмөлөрдү кунт коюп окуп чыгуу керек. Пиротехникалык каражаттарды колдонууда чоң ачык аянт же короо, дарак жана имараттардан алысыраак жерди тандаӊыз. Көрүүчүлөр фейерверктен эӊ аз 5-10 метр аралыкта турушу абзел. Күйүп кетүүчү чатыр, чөп жана бак-дарактардан 20 метр алыстыкта күйгүзүү зарыл. Турак жайлардын, төрөткана, ооруканалардын жанында пиротехникалык каражаттарды колдонууга болбойт. Аны жылытуу приборлорунун жана ачык от булактарынын жанында сактоого, ичин ачып көрүүгө, иштебей калса отко жагууга, адам жана жаныбарларды көздөй атууга, чоңдордун катышуусу жок балдардын колдонуусуна тыюу салынат. Жарактан чыккан же иштебей калган каражатты сууга эзип туруп ыргытуу керек", — деди Муканов.
Ал быйыл Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда Ысык-Көл облусунун аймагында пиротехникалык каражаттарды ташыган HOWO үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа жарылып эӊ чоӊ кырсык катталганын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0