Президент колундагы алтын саатын чечип берген. Марат Алышпаевди уулу эскерди

© Фото / Александр ФедоровКыргыз эл артисти, Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти Марат Алышпаев. Архив
Кыргыз эл артисти, Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти Марат Алышпаев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.12.2023
Жазылуу
Кыргыз эл артисти, Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти Марат Алышпаев өмүрүнүн акырына чейин театрда эмгектенген. Актёр дүйнөлүк классикадагы Гамлет, Король Лирден тарта кыргыз элинин бир топ чыгармаларында 100гө жакын образ жараткан.
Sputnik Кыргызстан агенттигинде залкар инсан Марат Алышпаевдин өмүрү жана чыгармачылыгы тууралуу анын уулу Улугбек Маратов менен баарлаштык.
— Залкар актёрдун жемиштүү чыгармачылыгын кеп кылардан мурда маекти анын балалыгынан баштасак.
— Атам Жети-Өгүз районунун Саруу айылында төрөлгөн. Чоң атам Үсөн чарбачылыкта иштеп, Улуу Ата Мекендик согушка катышкан. Согуштан жарадар болуп келгенден кийин үйлөнүптүр. Чоң апамдын кесиби юрист болчу. Алышпаевдердин үй-бүлөсүндө эң улуусу — атам. Негизи алты бир тууган: үч иниси, эки карындашы бар. Анын ичинен Мурат атам да өтүп кетти.
— Кандайча актёрлук кесипти тандап калыптыр?
— Ата-энеси уулунун актёр болгонун башта билбептир. Алар колдогон да эмес. Бирок атам мектепте окуп жүргөндө эле актёрлукка абдан жакын болгон. Улуттук университеттин экономика факультетине тапшырып, 2-курсунда студенттик иш-чарада апам экөө жолугуп калып, бири-бирин жактырып калат. Апам Райма Абдубачаева залкар таланттар Даркүл Күйүкова менен Исмаилбек Абдубачаевдин кызы болот. "Фрунзе көчөсүндө кетип баратып маданият үйүнүн терезесин карасам эл чогулуп калыптыр. Көрсө ГИТИСке экзамен тапшырып жатышкан экен" деп калчу. Ошол экзаменден өтүп кетип актёр болуп калган. Мунун баары тагдырдын буйругу болсо керек. Мукамбет Токтобаев, Дүйшөн Байдөбөтов баштаган 25тен ашуун улан-кыз өткөн. Баары эл артисти, театр залкарлары болушту. Ушул курсташтары атамдын бир туугандан артык, жакындары, сырдаштары, достору болуп калды. Актёрдуктун арты менен канчалаган кызык, оор жана бактылуу күндөрдү бирге көрүштү.
© Sputnik / Асель СыдыковаМаратов: атам дайыма "өзүңдү көтөрүп, көкүрөктү чаппа" деп айтчу. Ал кишини көзүнчө мактай алчу эмеспиз
Сын народного артиста Кыргызстана Марата Алышпаева Улугбек Маратов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.12.2023
Маратов: атам дайыма "өзүңдү көтөрүп, көкүрөктү чаппа" деп айтчу. Ал кишини көзүнчө мактай алчу эмеспиз
— Театрдагы ишмердүүлүгү кандай өттү?
— Атам дайыма "өзүңдү көтөрүп, көкүрөктү чаппа" деп айтчу. Ал кишини көзүнчө мактай алчу эмеспиз. Өзү да муну жактырбачу. Бирок бүгүн атам менен сыймыктанарымды жар салып айткым келет. Ал киши аны чыгармачылыкта дайыма Жараткан өзү колдоп келгенин көп айтчу. Ар бир адамдын арманы болот. Бирок атам "режиссёрлор, кесиптештерим, жоро-жолдошторум мыкты болду" деп топук кылчу. Режиссёр Искендер Рыскуловдун көп чыгармаларында ойноду. Экөө абдан жакшы мамиледе эле. Чыңгыз Айтматовдун "Ак кеме" повестине таандык пьесада Момун чалды 10 жыл аткарды. Апам баланын образын жаратты. Ата-энем Искендер Рыскуловду режиссёр катары акырына чейин баалап келишти. Ал эми кинодо Геннадий Базаров менен жакшы иштешти. Атам киного кечирээк келип калды. Жаштыгы театрга кетти. Базаров да атамдын жаштыгын тасмага түшүрүп калбаганына өкүнүп калчу. "Акыркы көч" тасмасында жараткан ролу атам үчүн өзгөчө болду. "Бул башкача бир чыгарма, образ. Өзүм да түшүндүрө албайм. Бир сыйкыр келди" деп айтчу. Ал драмада бүгүнкү күндүн жашоосу, маданиятка болгон сый-урматтын жоктугу чагылдырылган. Анда улуу жазуучунун ролун ойнойт. Бакыт Мукул менен Дастан Жапар уулунун бул фильми А классындагы тасмалардын катарына кирди. Демек дүйнөдөгү 7000 кинонун ичинен эң мыкты 20 кинонун бири. Бүгүнкү күнгө чейин кырктан ашык эл аралык фестивалга катышып көптөгөн байгелүү орундарды алып келишти. Ал сыйлыктардын көбүн атам көрбөй калды. "Эң мыкты актёр", "Эң мыкты режиссёр", "Эң мыкты саундтрек" өңдүү баш-аягы жети сыйлык алды. Россия, Португалия, Италия, Индия, Кытай мамлекеттеринен баш байгени алышты. Бирок биздин мамлекетте мыкты режиссёрлорго колдоо болбой жатат. Ал эми жаш режиссёрлор өз күчү менен жакшы фильмдерди жаратууга аракет жасашууда.
— Атаңыздын өзүнө жаккан ролу кайсы?
— Атам негизи драмалык ролдорго басым жасаган. Ал биринчилерден болуп Ричард IIIнүн ролун жараткан. Мындан тышкары, Советбек Жумадыловдун да ушул ролу жакшы чыккан. Анатолий Луначарский атындагы ГИТИС окуу жайы театр системасынын негиздөөчүсү, улуу устат Константин Станиславскийдин системасы менен билим берет. Атам ошол окуу жайда билим алган. Классикалык ролдорду жаратуу үчүн каарман тууралуу окуп чыгып, ал жашаган доор, ошол мамлекет менен таанышып, актёрлордун эмгегин карап чыгуу керек. Марат Алышпаев да мына ушундай жол менен өзүнүн Ричард IIIсүн алып чыккан. Актёрлук кесип — бул жөн гана өнөр эмес. Талант болсо окубай деле койсо болот деген туура эмес. Актёр китеп окуп, билим алып, өзүн өстүрөт. Ролго даярданат. Өзгөчө драма актёру. Атам Советбек Жумадыловду абдан жакшы көрчү. Ошол кишидей болууну каалачу. Ал киши сахнага чыкканда 600 көрөрманды бир дем менен кармап тура алчу. Муратбек Рыскуловчу, эмне деген залкар. Кыргыз маданиятынын өз доору үчүн эталондору. Ошол доорду чагылдырган театрды көргүң келет. Ал жан дүйнөнү азыктандырууга руханий азык берет.
© Фото / Бегим Жолдубай кызыМаратов: атам Шаршен Термечиков атындагы музыкалык театрды негиздеген
Народный артист КР, известный актер театра и кино Марат Алышпаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.12.2023
Маратов: атам Шаршен Термечиков атындагы музыкалык театрды негиздеген
— Атаңыз үйдө кандай адам эле?
— Менин бир гана устатым бар — бул менин атам. Ал кишинин өзүн алып жүрүүсү, элге жасаган мамилесинин баары мага өрнөк. Ар бир сөзү жүрөгүмдө. Өз уулумду атамдай тарбиялагым келет.
— Эл көзүндө жүргөн адам катары атаңызга ар кандай сындар айтылды. Буга алар кандай карашчу?
— Ата-энем 30 жыл чогуу жашашты. Турмуш ар кандай болот экен. Атам эки үй-бүлөдө тең жашады. Биринчи үй-бүлөсүндө үч уулбуз. Экинчисинде эки карындашым бар. Ким эмне дебесин, ынтымакта жакшы жашап келдик. Атам эки жакка тең бирдей мамиле жасады. Атам апамды сыйлачу, апам да аяр карады. Апам жакында кайтыш болуп калды. Экөө ээрчишип кете берди. Биз үч уулбуз. Апам бизди "үч Маратым бар" деп койчу.
— Актёрлуктан тышкары кандай өнөрү бар эле?
— Ыр-бийге деле шыгы жок болчу. Актёрлуктан тышкары мыкты уюштургуч, жаратмандык сапатын билем. Анан да лидер катары кайсы топто же кесипте болбосун, ынтымакты сактоо колунан келчү. Студенттик кезде староста, кийин театрда жетекчи, үй-бүлөдө ата катары ынтымакты сактай алчу. Мыкты менеджер эле. Шаршен Термечиков атындагы музыкалуу театрды негиздеп Бакыт Мукул, Элмирбек Иманалиев, Гүлнур Сатылганова, Абидин Темиров жана Жаныбек Алыкулов өңдүү бир топ таланттарды таптап чыгарган. Мени дайыма гастролго ээрчитип алар эле. Мага да жакчу. Ал кезде куудулдар конкурсун өткөрүшчү. Ал театрда драма да ойнолгон. Атам Манастын, Байтик баатырдын ролун жараткан. 1995-жылы ошол кездеги президент Аскар Акаев театрга келип "мен Манасты мына ушундай көргүм келчү" деп рахматын айтып, алтын саатын чечип берген. Музыка, куудулдар жагынан да Шаршен Термечиков атындагы театр алдыга кеткен. Кийин ал театрды Чүй облустук театры кылууну суранышып, атам макулдугун берген. Эми ошол театрдын алдына түзүүчү катары атамдын эстелиги орнотулса деген тилегим бар.
© Sputnik / Табылды КадырбековМаратов: соңку жылдары атам "режиссёрлор калбай баратат. Кыргыздар кайда баратабыз? Булардын айлыгын көтөрүү керек" деп калчу.
Похороны народного артиста КР Марата Алышпаева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.12.2023
Маратов: соңку жылдары атам "режиссёрлор калбай баратат. Кыргыздар кайда баратабыз? Булардын айлыгын көтөрүү керек" деп калчу.
— Атаңыздын арманы болгонун айттыңыз эле.
— Соңку жылдары атам "режиссёрлор калбай баратат. Кыргыздар кайда баратабыз? Булардын айлыгын көтөрүү керек" деп калчу. Боордош Казакстанга эле канча таланттуу режиссёр, актёрлор кетип калды. Каралса эле мыкты болмок да. Спорт федерациясы рахмат. Кандай гана мыкты спортчулар чыгып, мамлекеттин желегин желбиретишүүдө. Театр өнөрүн сүйгөн, колдоп-коштоп турган жетекчилер келсе, көңүл бөлүнсө өнүгүп кетет. Атамдын арманы — залкар режиссёрлордун каралбай калганы, жоголуп, азайып баратканы болду. Дастан Жапар уулу да мыкты режиссёр, оператор. Бакыт Мукул агабыз актёрлор менен мыкты иштейт. Экөө бири-бирин толуктап турат. Уланмырза Карыпбаев аттуу да мыкты режиссёр бар. Ал да атамды театрдагы атасы катары эсептейт. Анын чыгармачылыгына атамдын тийгизген таасирин өзү айтып берчү. Бир күнү кызыгып театрга жашырынып кирип калса, сахнада Гүлайым Каниметовалар ойноп жатыптыр. Кызыгып көрүп отуруп, жашынган жеринде уктап калат. Бир кезде бирөө "ай, балам, тур, ооруп калыптырсың" дейт. Көрсө, атам экен. Кабинетине алып келип атын, кандайча театрда жүргөнүн сураса "билетке акчам жок эле, театрга кызыгам" дейт Уланмырза. Анда атам "визиттик картасын алып, артына Уланмырзага кирүү бекер" деп жазып берип коёт. Ошону менен ал бир да спектаклди калтырбай көрөт. Кийин ошол бала Санкт-Петербургдагы театралдык окуу жайга өтүп, атама келип рахматын айтыптыр. Мен да быйыл (атамдын тилеги эле — У.Маратов) ГИТИСти аяктадым.
— Бир туугандарыңыз тууралуу айтсаңыз?
— Атам улуу агамдын атын Ричард койгондо чоң апам урушуп, баланы алып атын өзгөртүп алган экен. Нурлан абамды ошентип 18 жашына чейин айылда чоң энем өстүргөн. Андан кийин Тимур абам кесиби боюнча юрист, абдан жоош, сыпайы, бирөөнүн көңүлүн оорутпаган адам. Анан мен. Эки карындашым мыкты кыздар болуп чоңоюп жатышат. Атам ушул кыздарды өз колу менен турмушка узатууну кыялданчу. Кээде "ай, Улугбек, эгер мен кетип калсам, ушул эки кызды сен карайсың" дечү. Улуусу Диана Кореяда магистратурада окуп жатат. Күчүүсү Назик өзү эле кытай тилин курстан окуп, үйүнөн чыкпай эле Пекинге бюджетке өтүп кетти. Азыр Пекинде.
Кыргыз адабиятында “романдардын атасы” аталган Түгөлбай Сыдыкбеков уулусу менен. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.11.2023
"Калемдин кулу болгум келбейт..." Мээнеткеч жазуучу Түгөлбай Сыдыкбековдун бейнеси
Жаңылыктар түрмөгү
0