Эскертүү! Бишкектин чок ортосунда кыймыл 30-декабрдан 1-январга чейин чектелет

© Sputnik / Жоомарт УраимовБишкектин чок ортосунда кыймылды чектөө. Архив
Бишкектин чок ортосунда кыймылды чектөө. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.12.2023
Жазылуу
Мэрия кыймыл чектеле турган жерлерди айтып берди.
БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Бишкектин чок ортосунда кыймыл 30-декабрдан 1-январга чейин чектелип, унааларды токтотууга тыюу салынат. Бул тууралуу мэрия кабарлады.
Муниципалитет чектөөлөрдү Жаңы жыл майрамына карата киргизүүдө. Кыймыл чектеле турган жерлер:
Чүй проспекти Эркиндиктен Панфиловго чейин — 30-декабрь саат 14:00дөн 1-январь саат 07:00гө чейин;
Киев көчөсү Эркиндиктен Панфиловго чейин — 31-декабрь саат 14:00дөн 1-январь саат 07:00гө чейин (коомдук транспорт гана жүрөт);
Панфилов көчөсү Чүйдөн Киев көчөсүнө чейин убактылуу эки тараптуу болот — 30-декабрь саат 14:00дөн 1-январь саат 07:00гө чейин.
Бул күндөрү Эркиндик проспектине (эки тарабынан тең) Чүйдөн Киев көчөсүнө чейин унааларды токтотконго болбойт.
Майрам күндөрү машиналарды Жогорку Кеңештин имаратынын түндүк жана чыгыш тарабына, ошондой эле Раззаков, Орозбеков, Панфилов (Киев жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишине) көчөлөрүнө токтотууга болот.
Жаңы жыл түнү мэрия "Ала-Тоо" аянтынан шаардын чар тарабына коомдук транспорт уюштурат.
Жолдун боюнда турган киши. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.12.2023
27-декабрдан тарта Бишкектеги эки көчө бир тараптуу болот. Тизме
Жаңылыктар түрмөгү
0