Эртең менен күүлүү-күчтүү, сергек көрүнөм десеңиз. Дарыгердин кеңеши

© Depositphotos.com / Syda_Productions Жылмайган кыз тиштерин тазалап жатат. Иллюстративдик сүрөт
Жылмайган кыз тиштерин тазалап жатат. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.12.2023
Жазылуу
Адис сууну көп ичүүгө кеңеш берген. Бирок бөйрөгү начар иштегендер ичсе организмде суюктук топтолуп, салмак кошууга алып келерин эскерткен.
БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Эртең менен күүлүү-күчтүү жана сергек көрүнүүнүн жолдорун "Известияга" Агартуу мамлекеттик университетинин медициналык дисциплиналар кафедрасынын доценти Надежда Патлатая айтып берди.
"Эртең мененки уйкусуроону адатта көнүгүү, тамактануу, душка түшүү ачат. Булар органдарды ойготуп, организмди ишке киргизет. Эгерде шалдыроо болсо оорудан кабар бериши ыктымал", — деди адис.
Патлатая күүлүү-күчтүү көрүнүү үчүн гимнастика жасоого кеңеш берди. Анын айтымында, эртең мененки дене көнүгүүлөрү лимфа тамырлары аркылуу лимфа агымын көбөйтүп, шишик менен күрөшүүгө жардам берет. Үзгүлтүксүз машыккан адам өзүн дайыма энергиялуу сезет.
"Эң негизги эреже – уйкуну кандыруу керек. Чоң киши 7-9 саат укташы керек. Жатарда кофеин кошулган шире жана ичимдик ичкенге болбойт, ошондой эле уктаарга 1-2 саат калганда активдүү иштерди жасабай эле койгон оң. Күн сайын бир убакытта тамактануу дагы жакшы натыйжасын берет", — деген ал.
Адис туура тамактануунун эрежесин эске салды, рациондо белок, май, углевод, витамин жана минералдар болушу керек. Майлуу, таттуу, ачуу, туздуу тамактан баш тарткан оң.
"Туз жана туздуу тамактар шишикти пайда кылат, бул анын курамындагы натрийге байланыштуу. Шишикке колбаса, сосиска, эт жана балык консервалары, сыр, фастфуд, соус, чипсы жана сухариктер алып келет", — деген дарыгер.
Адис сууну көп ичүүгө кеңеш берген. Бирок бөйрөгү начар иштегендер ичсе организмде суюктук топтолуп, салмак кошууга алып келерин эскерткен.
Ошондой эле адамдын сыртынан сергек көрүнүшүнө териге кам көрүү, ага туура каражаттарды тандоо дагы таасир этерин кошумчалаган.
Аял супермаркетте жашылча тандап жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.12.2023
Адис туура тамактанууда капчыкка оордук келтирбеген азыктарды атады
Жаңылыктар түрмөгү
0