Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Мамкурулуш социалдык объектилерди курууга 10,9 млрд. сом жумшады

© Sputnik / Асель СыдыковаАрхитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Талантбек Иманакун уулу
Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Талантбек Иманакун уулу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.12.2023
Жазылуу
Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Талантбек Иманакун уулу быйыл капиталдык курулушка абдан чоӊ маани берилгенин айтты.
2023-жылы Мамкурулуш социалдык-маданий объектилерди курууга жана капиталдык оңдоодон өткөрүүгө 10,9 миллиард сом жумшады. Бул тууралуу Талантбек Иманакун уулу Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Мамкурулуш социалдык объектилерди курууга 10,9 млрд. сом жумшады
Анын айтымында, 2023-жылы 214 объект курулуп, капиталдык оңдоодон өткөрүлдү.
"Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги быйыл капиталдык курулушка абдан чоӊ маани берди. Президенттин тапшырмасы менен балдар үчүн социалдык объектилерди толугу менен бүтүрүп берүү башкы милдетибиз болду. Быйыл 100 мектепти куруу каралса, азыр 92си толук бүткөрүлүп, калганы жыл соӊуна чейин эксплуатацияга берилет. Алсак, Чүйдө алты, Баткенде 13, Ош облусунда 20, Жалал-Абадда 11 объект бүткөрүлдү. Ал эми 27 мектепте капиталдык ремонт жасалды. Андан тышкары, 10 бала бакча, төрт саламаттык сактоо объекти, маданий-спорттук беш объект салынды. Элди таза суу менен камсыздоо үчүн 66дан ашык курулма курулууда", — деди Иманакун уулу.
Ал 2023-жылы 224 уруксатсыз курулуш объектилери аныкталып, 1049 протокол түзүлүп, 38 миллион 504 миң сом айып салынып, анын 21 миллион 504 миң сому өндүрүлгөнүн кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0