Лейлекте жашы жете электерге нике кыйып жүргөн молдолор аныкталды

© Фото / пресс-служба УВД Баткенской областиЛейлекте жашы жете электерге нике кыйып жүргөн молдолор аныкталды
Лейлекте жашы жете электерге нике кыйып жүргөн молдолор аныкталды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.12.2023
Жазылуу
Учурда тергөө иштери жүрүп жатканы айтылды.
БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Баткендин Лейлек районунда диний ырым-жырымдарды колдонууда мыйзамда көрсөтүлгөн жоопкерчиликти сактабай жашы жете электерге нике кыйып жүргөн молдо аныкталганын облустук милиция кабарлады.
Факт Кылмыш-жаза кодексинин 175-беренеси ("Диний ырым-жырымдарды өткөрүүдө нике курагы жөнүндө мыйзамдарды бузуу") боюнча каттоого алынып, өндүрүш иштери башталган.
"Текшерүү иштеринде Лейлек районундагы мечиттердин биринин имам хатиби 63 жаштагы М.М. аттуу жаран октябрь айында жашы жете элек өспүрүмгө нике кыйгандыгы, район аймагында жыл ичинде башка молдолор тарабынан да жашы 18ге толо элек өспүрүмдөргө нике кыйган эки факт аныкталды", — деп айтылат маалыматта.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Эки киши кызды ала качып бара жатышат. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.12.2023
Бишкекте кыз ала качууга шектелип төрт жигит кармалды
Жаңылыктар түрмөгү
0