Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Боррель: Россия Украинада жеңишке жетиши мүмкүн

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүУкраинанын куралдуу күчтөрүнүн позицияларын аткылоо. Архив
Украинанын куралдуу күчтөрүнүн позицияларын аткылоо. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.12.2023
Жазылуу
Боррель Россияны Европа демократиясына коркунуч жарткан ири держава деп атады.
БИШКЕК, 25-дек. – Sputnik. Эгер Европа биримдиги өзүнүн бардык мүмкүнчүлүктөрүн мобилизациялабаса Россия Украинадагы жаңжалда жеңүүчү болуп чыгат. Бул тууралуу Европа дипломатиясынын жетекчиси Жозеп Боррель британиялык Guardian гезитиндеги маегинде билдирген.
“Эгер биз багытыбызды тез арада өзгөртүп, мүмкүнчүлүктөрүбүздү мобилизациялабасак Путин Украинадагы согушта жеңишке жетет”, – деди ал.
Боррель Россияны Европа демократиясына коркунуч жарткан ири держава деп атады.
“Россия согушта жеңүүчү болбошу үчүн биз эмне жасай алабыз? Мына ушул суроо маанилүү! Колдон келген ишти аткарууга чындап даярбызбы? Өзүбүзгө ушул суроолорду беришибиз керек”, – деди ал.
Боррель Батыш Киевди мындан ары дагы колдошу керек деп байма-бай атып келет. Ал июнь айында чет элдик колдоосуз Украинадагы конфликт тез эле соңуна чыгып калышы толук мүмкүн экенин эскерткен. Ал эми бир аз күн мурда Европа биримдигиндеги айрым мамлекеттер Россияны “стратегиялык коркунуч” катары карабай турганын айтып арызданган.
Украина жана Евробиримдиктин желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.12.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Евробиримдиктеги 6 өлкө Украина үчүн кепилдик декларациясын колдогон жок
Жаңылыктар түрмөгү
0