Ташиев Улуттук банкты күрөөканалардын ишин текшерүүгө чакырды

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүКүрөөкананын белги тактасы. Архив
Күрөөкананын белги тактасы. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.12.2023
Жазылуу
Талапка баш ийбеген ломбард ээлерине мыйзам чегинде чара көрүлөрү эскертилген.
БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев өлкөдөгү күрөөканалардын ишмердүүлүгүн текшерүүгө чакырды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Ал атайын кызматтын Чүй облусунун Москва районундагы башкармалыгынын жаңы имаратынын ачылыш аземинде сүйлөгөн.
"Ташиев коопсуздук кызматкерлерине күрөөканалардын ишмердүүлүгүнө өзгөчө көңүл буруу талабын койду. Ал күрөөкана кызматын көбүнчө карапайым адамдар пайдаланарын, жогорку пайыздык үстөк кошуларын, төлөй албай жабыркап, турак жайынан, мал-мүлкүнөн ажырап жатканын белгилеген. Мындан улам Ташиев Улуттук банкты өлкөдөгү күрөөканалардын ишмердүүлүгүн лицензия боюнча текшерүүгө алууга чакырып, ар бир күрөөкана үстөк пайызын 30 пайыздан ашырбашы керектигин билгиледи", — деп жазылат маалыматта.
Талапка баш ийбеген күрөөкана ээлерине мыйзам чегинде чара көрүлөрү эскертилген.
Күрөөкананын жанын өтүп бара жаткан киши. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2023
Күрөөканаларда пайыздык ставка 2 эсе азайып, талаптар күчөтүлөт. Долбоор
Жаңылыктар түрмөгү
0