27-декабрга карата аба ырайы

© Sputnik / Алексей КуденкоДарактын бутагында карга отуруп жатат. Архив
Дарактын бутагында карга отуруп жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.12.2023
Жазылуу
27-декабрда күн бүркөлүп, аба ырайы бузулат. Жолдор тоңуп тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. Шаршембиде өлкөнүн көпчүлүк аймактарында кар жаашы ыктымал. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө 3...8, Талас жергесинде 2...7, Ош, Жалал-Абад облустарында 5...10, Баткенде 4...9, Ысык-Көл чөлкөмүндө 1...6, Нарын аймагында -3...2 градус болот.
Термометрдин көрсөткүчү борбор калаа Бишкекте 6...8, ал эми Ош шаарында 8...10 градуска чейин жетет.
Бишкектин Ала-Тоо аянтындагы башкы жаңы жылдык балаты - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.12.2023
2024-жылы кыргызстандыктар кайсы күндөрү эс алат? Өкмөттүн токтому
Жаңылыктар түрмөгү
0