"Ала-Тоо" аянтындагы Ардак кароол турган жай реконструкцияланат

© Sputnik / Жоомарт Ураимов"Ала-Тоо" аянтындагы Ардак кароол. Архивдик сүрөт
Ала-Тоо аянтындагы Ардак кароол. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.12.2023
Жазылуу
Мамлекеттик гербдин авторлорунун бири Садырбек Дубанаев муниципалитетке гербди жана Ардак кароол үчүн кабинаны жаңылоо өтүнүчү менен кайрылган.
БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. "Ала-Тоо" аянтындагы Ардак кароолдун кабинасы реконструкцияланарын мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.
Билдирмеге караганда, мамлекеттик гербдин авторлорунун бири Садырбек Дубанаев муниципалитетке гербди жана Ардак кароол үчүн кабинаны жаңылоо өтүнүчү менен кайрылган. Ал аталган жай эскирип, гербдин сүрөтү да өчүп баратканын айткан.
Мындан улам "Бишкек башкы архитектура" ишканасы аталган жайды реконструкциялоо үчүн дизайн-долбоорго сынак жарыялаган. Бирок катышуучулардын эмгектеринин сунушталган варианттары талаптарга жана эстетикалык дизайнга жооп берген эмес. Буга байланыштуу мэр Айбек Жунушалиев ишканага кайрадан тапшырма берип, жыйынтыгында Ардак кароол үчүн жылытуу шарттары бар жаңы кабинанын дизайны иштелип чыкканын айтышты.
Ала-Тоо аянтындагы флагшток. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.12.2023
Кыргызстандын желегин өзгөртүү
Кыргызстандыктар эми өзгөртүлгөн желекти колдонот. Мыйзам күчүнө кирди
Жаңылыктар түрмөгү
0