Захарова: Батыш Сербияга ультиматум коюуда

© Photo / Пресс-служба МИД РФРФ ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова. Архивдик сүрөт
РФ ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.12.2023
Жазылуу
ТИМ өкүлү Батыш Украинаны да ушундай эле кысмакка алып келгенин белгиледи.
БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. Жамааттык Батыш Сербияга ультиматум койду. Бул тууралуу РФ ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова RT телеканалына маек куруп жатып билдирди.
"Украинадай эле Сербияга да серб элинин улуттук кызыкчылыгына туура келген өнүгүүнү эмес, же Батыш менен, же Россия менен болосуң деген шарт коюшкан. Акыркы убакта "Батыш менен гана" дей башташты эле, азыр "каалаганыңды кыл, болгону Россияга кошулба" дешүүдө", — деди ал.
Анын айтымында, Батыш Украинаны да ушундай эле кысмакка алып келген.
Эскерте кетсек, азыр Белградда абал тынч эмес. 17-декабрда өткөн шайлоонун жыйынтыгына макул болбогон оппозициялык блок 25-декабрда башаламандык баштап, Белграддын аткаруу органынын алдын ээлеп алышкан, ага чейин жол тосулган болчу. Айнектерди талкалап, имараттын ичине кирүүгө аракет кылган митингчилерди полиция кызматкерлери көздөн жаш агызуучу газ менен кууган.
Өлкө президенти Александр Вучич нааразылык акиялардын баары Сербияны өз алдынчалуулугу менен суверенитетинен ажыратуу аракети экенин белгилеп, бийлик тартипти сактап каларын айткан.
Белграддагы башаламандык - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.12.2023
Россия ТИМи Сербиядагы башаламандык боюнча пикирин билдирди
Жаңылыктар түрмөгү
0