Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Россияда өткөн кинофестивалда "Дордой базары" тасмасы сыйлык алды

© Sputnik / Асел АкматПродюсер, сценарист, режиссер, С.А. Герасимов атындагы Бүткүл россиялык мамлекеттик кинематография университетинин бүтүрүүчүсү Айзада Амангелди
Продюсер, сценарист, режиссер, С.А. Герасимов атындагы Бүткүл россиялык мамлекеттик кинематография университетинин бүтүрүүчүсү Айзада Амангелди - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.12.2023
Жазылуу
Продюсер, сценарист, режиссер, С.А. Герасимов атындагы Бүткүл россиялык мамлекеттик кинематография университетинин бүтүрүүчүсү Айзада Амангелди сыйлык күтүүсүз болгонун айтты.
1-10-декабрь күндөрү Россиянын Красноярск шаарында SiberiaDOC эл аралык кинофестивалы өттү. Бул тууралуу Айзада Амангелди Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Россияда өткөн кинофестивалда "Дордой базары" тасмасы сыйлык алды
Анын айтымында, аталган кинофестивалдан "Дордой базары"аттуу кыргыз тасмасы калыстар тобунун сыйлыгына ээ болду.
"Сыйлык биз үчүн күтүүсүз эле. Финалда калган 20дай даректүү тасманын ичинен калыстар тобунун атайын сыйлыгына ээ болуу чоң сыймык. Бул фестивалга "Дордой базары" деген даректүү тасмабыз менен катыштык. Фильмдин режиссеру Томирис Орозоева, ал эми продюсерлик жумушту мен аркалап жатам. Фестивалда россиялык, бельгиялык, германиялык, венгриялык, бразилиялык, бангладештик, франциялык, түштүк африкалык, ирандык, коста-рикалык, испаниялык, мексикалык жана кыргызстандык режиссерлордун даректүү тасмалары көрсөтүлдү", — деди Айзада Амангелди.
Ал Красноярск шаарынын жашоочуларынын даректүү тасмага өзгөчө кызыгуусу бар экенин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0