Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Борт кызматкери болуш үчүн кандай талаптарга жооп бериш керек?

© Sputnik / Асель СыдыковаКувейт мамлекеттик Kuwait Airways авиакомпаниясынын стюардессасы Айзада Сарыбаева
Кувейт мамлекеттик Kuwait Airways авиакомпаниясынын стюардессасы Айзада Сарыбаева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.12.2023
Жазылуу
Кувейт мамлекеттик Kuwait Airways авиакомпаниясынын стюардессасы Айзада Сарыбаева борт кызматкери болуш үчүн кандай талаптар бар экенин айтып берди.
Kuwait Airways компаниясында жети жылдан бери иштеп жаткан Айзада Сарыбаева Нарын облусуна караштуу Нарын районунун Дөбөлү айылында туулуп-өскөнүн Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып айтты.
Борт кызматкери болуш үчүн кандай талаптарга жооп бериш керек?
Ал борт кызматкери болом деген адам психологиялык жактан күчтүү, стресске туруктуу болушу керектигин белгиледи.
"Жөнөкөй дыйканчылык менен алектенген үй-бүлөдө чоӊойдум. Бала чагым Дөбөлү айылында өттү. Башкалар сыяктуу кичинемде стюардесса болууну кыялданган деле эмесмин. Орто мектепти аяктаган соң Бишкектеги №98 байланыш жана маалымат технологиялары кесиптик лицейине тапшырып, почта кызматы боюнча билим алдым. Андан соң Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинде сырттан окудум. Студент кезде котормочу болуп иштеп калдым. Негизи саякаттоону, чет мамлекетке чыгууну кыялданып, пландап жүргөм. Анан Араб борборуна барып резюмемди таштап, алар мени сүйлөшүүгө чакырышты. Өтүп кеттим да, 2012-жылы Кувейт мамлекетине кетип калдым. Ал жакка барып, алгач сатуучу болуп дүкөндө иштедим. Ошол жерден авиакомпанияда иштеген кыргыз эжелердин сунушу менен мен жана дагы эки кыз "Кувейт" авиакомпаниясына анкета жөнөттүк. Интервьюдан ийгиликтүү өтүп, быйыл иштегениме 7 жыл болду. Авиакомпания үч ай коопсуздук, тейлөө эрежелерин окутат. Эгер экзаменден өтсөӊ экипаждын мүчөсү болосуӊ. Негизинен бою бир метр 62 сантиметрден жогору, арык чырай, эң башкысы, англис тилин жана башка тилдерди билген, денесинин ачык жеринде татуаж, тырыгы жок кыз-жигиттер борт кызматкери боло алат. Мамлекеттерде убакыттан айырма болгондуктан организм кыйналып калат. Адам психологиялык жактан күчтүү, стресске туруктуу болушу керек. Ошого жараша эс алып, ден соолукка кам көрөбүз. Бирок мен саякаттаганды сүйгөндүктөн эс алып жата бербестен шаар кыдырып кетем", — деди Сарыбаева.
Ал келечекте Европа мамлекеттеринин авиакомпаниясына өтүүнү, өмүрүн ушул кесипке арноону пландап жатканын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0