Алматыдагы автобус окуясы. Мугалим жубайлар каза таап, төрт баласы жетим калды

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүТерезеден карап жаткан кыз. Архив
Терезеден карап жаткан кыз. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.12.2023
Жазылуу
22-декабрь күнү Алматыда жүргүнчү айдоочу аялды муштап, ал соккудан эсин жоготуп койгон. Автобус аялдамада тургандарды сүзүп кеткен.
БИШКЕК, 27-дек — Sputnik. Алматыда элди аралап кеткен автобустун кесепетинен жубайлар Талап Косимов менен Гүлжахан Ирсимбетова каза таап, алардын төрт баласы жетим калды. Бул тууралуу Sputnik Казакстан КТК телеканалына шилтеме берип жазды.
Маалыматка караганда, балдардын эң кичүүсү беш жашта.
Жубайлар мугалим болуп иштеп келишкен. Алар жумуштан чогуу кайтып келе жатышкан. Авария учурунда жол улаш машина тосуп турушкан.
Эске салсак, 22-декабрь күнү Алматыда жүргүнчү айдоочу аялды муштап, ал соккудан эсин жоготуп койгон. Автобус аялдамада тургандарды сүзүп, төрт унаа менен кагышкан. Каргашадан үч адам каза таап, төрт киши жабыркаган. https://sputnik.kg/20231224/almaty-avtobus-zhurgunchu-1081492749.html Кол салган киши кармалган.
Оорукананын жандандыруу бөлүмүндо жаткан бейтап. архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.12.2023
Каракол — Түп жолундагы үрөй учурган жол кырсыгы. Бир жүргүнчүнүн абалы оор
Жаңылыктар түрмөгү
0