Мэр: Бишкек шаарынын аянты үч эсе кеңейип, четиндеги айрым айылдар кошулат

© Sputnik / Акылбек БатырбековБишкек шаарынын дрондон көрүнүшү. Архив
Бишкек шаарынын дрондон көрүнүшү. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.12.2023
Жазылуу
Баш калаага тегерегиндеги 8 айыл өкмөт, андан сырткары, Чүй облусунун төрт айыл өкмөтүнүн айрым айылдары кошула турганы айтылды.
БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. Борбор калаанын аймагы үч эсеге, тагыраагы, 37,8 гектарга чейин чоңоет. Бул туурасында Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев билдирди.
Учурда борбор калаанын аянты 12,9 миң гектарды түзөт.
Жунушалиев Бишкекке анын тегерегиндеги 8 айыл өкмөтү, андан сырткары, Чүй облусунун төрт айыл өкмөтүнүн айрым айылдары кошуларын айтты.
Бул боюнча жарлыкка жакын арада президент Жапаров кол коёру маалым болду.
"Биз шаарлардын өнүгүүсүн караштырдык. Алар радиалдык же параллель схема боюнча кеңейет экен. Биз радиалдык ыкмасын ала турган болдук, анткени муну менен жол инфраструктурасын өнүктүрүү ыңгайлуу болууда", — деди мэр.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.02.2023
Бишкек чоң айылга айланып калышы мүмкүн. Жапаров шаардыктарга кайрылды
Жаңылыктар түрмөгү
0