Песков ЕАЭБ Кыргызстандын экономикасына кандай таасир этип жатканын айтты

© Sputnik / Алексей Даничев / Медиабанкка өтүүРФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков
РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.12.2023
Жазылуу
Песков ЕАЭБге мүчө болуп кирген мамлекеттер биримдиктин алкагындагы кызматташуунун арты менен эл аралык экономикадагы тобокелдиктерден коргонуп жатканын белгилеген.
БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттердин экономикалык жактан өсүшү интеграция үчүн пайдалуу болууда. Бул тууралуу РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков "Известия" басылмасына маек берип жатып билдирген.
Анын айтымында, интеграция кызматташтыкка негизделип, бардык өлкөлөрдүн кызыкчылыктарына жооп бергенде маанилүү жана пайдалуу болот.
"Армения, Кыргызстан, Беларусь, Россиянын экономикасында өсүү темпин байкап жатабыз. Башкача айтканда, баарыбыз тең кооперациянын пайдасын гана көрдүк", — деген Песков.
Ал ЕАЭБге мүчө болуп кирген мамлекеттер биримдиктин алкагындагы кызматташуунун арты менен күчтүү болуп, эл аралык экономикадагы тобокелдиктерден коргонуп жатканын белгилеген.
Белгилей кетсек, 25-26-декабрда Санкт-Петербург шаарында КМШ өлкөлөрүнүн лидерлеринин бейформал саммити жана Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйыны өткөн.
Анда Россия президенти ЕЭАБ мамлекеттеринин экономикасында өсүү байкалганын белгилеп, биримдикти эл аралык абройлуу уюм деп атаган. Ошондой эле Россия лидери ЕАЭБде өз ара сооданын көлөмү 10 жылда эки эсе өскөнүн да кошумчалаган.
ЕАЭБ логотиби. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.12.2023
ЕАЭБ экономикасын өнүктүрүү боюнча декларацияда камтылган 6 багыт. Чоо-жайы
Жаңылыктар түрмөгү
0