Министрлик майрам, каникулда балдардын коопсуздугун камсыздоого буйрук чыгарды

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкекте балдар кар менен ойноп жатышат. Архив
Бишкекте балдар кар менен ойноп жатышат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.12.2023
Жазылуу
Буйрук менчигинин түрүнө карабастан жалпы билим берүү мекемелеринин баарына тиешелүү.
БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. Билим берүү жана илим министри жаңы жылдык майрамдарда, кышкы каникулда окуучулардын коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө буйрук чыгарды. Бул тууралуу маалыматты министрлик жарыялады.
Анда жазылгандай, буйрук менчигинин түрүнө карабастан жалпы билим берүү мекемелеринин баарына тиешелүү.
Буйруктун негизинде Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү департаментинин, Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын, райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилерине төмөнкүлөрдү аткаруу тапшырылды:
жаңы жылдык майрамдарда жана кышкы каникулда өзгөчө кырдаалдардын пайда болушуна шарт түзгөн себептерди жана шарттарды жоюуга багытталган иштерди күчөтүүсү керек;
окуучулардын жана кызматкерлердин коопсуздугун камсыз кылуу максатында отту, күйүүчү заттарды, пиротехникалык жана башка жаракат тийгизүүчү каражаттарды пайдаланууга болбой тургандыгы боюнча мектеп директорлору менен кеңешме өткөрүүсү зарыл;
жаңы жылдык майрамдарда, ошондой эле кышкы каникул учурунда турмуш-тиричилик коопсуздугу боюнча эрежелер, балдардын өмүрү жана ден соолугу үчүн ата-энелердин жоопкерчилигин жогорулатуу жөнүндө ата-энелер жана окуучулар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүсү;
жалпы билим берүү уюмдарында өрткө каршы сигнализациялардын, алгачкы өрт өчүрүү каражаттардын, жылытуу системасынын оң абалда экендигин текшерүүсү;
окуучулардын эс алуусун уюштурууда мектептердин спорт залдарын, студияларын жигердүү пайдаланып, ийримдердин ишин күчөтүүсү.
Каникул учурундагы бош класс. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.12.2023
Окуучулардын кышкы каникулу эки жумага созулат
Жаңылыктар түрмөгү
0