УКМК: Бишкектеги 120 күрөөкана үстөк пайыздарын төмөндөтөт

© Sputnik / Константин Михальчевский / Медиабанкка өтүүПайыз белгисинин алдынан өтүп бара жаткан киши. Архив
Пайыз белгисинин алдынан өтүп бара жаткан киши. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.12.2023
Жазылуу
Буга чейин кээ бир күрөөканалар очойгон үстөк пайыз (200%дан ашык) менен карыз берип жүргөнү аныкталган.
БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. Бишкектеги 120 күрөөкананын жетекчилери жылдык пайыздык ченди 43%га чейин төмөндөтүү милдетин алышты. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Атайын кызмат башка мамлекеттик органдар менен биргеликте калаадагы 120 күрөөканага текшерүү жүргүзгөн. Натыйжада кээ бир күрөөканалар очойгон үстөк пайыз (200%дан ашык) менен карыз берип, коюлган автоунааларды кожоюнуна айтпастан колдонуу фактылары аныкталган.
"120 күрөөкананын жетекчилери жылдык пайыздык ченди 43%га төмөндөтүүгө милдеттендирилди", — деп айтылат маалыматта.
Эртең, 29-декабрда, Экономика министрлигине бардык күрөөканалардын жетекчилери чакырылып, иштөөнүн жаңы эрежелери тууралуу маалымат берилет.
Буга чейин Чүй облусундагы күрөөкана ээлери элге акчаны 20 пайыздан ашырбай бере турганы кабарланган.
Пайыздын белгиси. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.12.2023
Элди тоноп жатышат. Ташиев жогорку пайыз менен акча берген күрөөканаларды атады
Жаңылыктар түрмөгү
0