Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Быйыл канча тонна баӊгизат мыйзамсыз жүгүртүүдөн алынганы айтылды

© Sputnik / Асель СыдыковаИИМдин Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын уюштуруу-аналитикалык бөлүмүнүн башчысы Марсел Дөөталиев
ИИМдин Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын уюштуруу-аналитикалык бөлүмүнүн башчысы Марсел Дөөталиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.12.2023
Жазылуу
ИИМдин Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын уюштуруу-аналитикалык бөлүмүнүн башчысы Марсел Дөөталиев акыркы убакта баӊгизат рыногу психотроптук заттарга өтүп жатканын айтты.
Кыргызстанга синтетикалык баӊгизаттар Кытай, Иран, Афганстан, Түркия мамлекеттеринен келет. Ошондой эле Түндүк маршрут менен, башкача айтканда, Афганстандан Тажикстанга, ал жактан биздин өлкөнүн түштүк аймактарына ташылат. Бизден Казакстанга, Россияга жана Европанын башка мамлекеттерине тарайт. Бул тууралуу Марсел Дөөталиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Быйыл канча тонна баӊгизат мыйзамсыз жүгүртүүдөн алынганы айтылды
Анын айтымында, айрым акыл-эске таасир этүүчү заттар көзөмөлдөөгө тийиш болгон баӊгизаттардын тизмесине кирбей калган учурлар болот.
"Орто эсеп менен алганда, жыл сайын миӊден ашуун баӊгизатты жайылтууга байланыштуу кылмыштар аныкталат. Быйыл 11 айда 6 тонна 515 килограмм 653 грамм баӊгизат мыйзамсыз жүгүртүүдөн алынды. Анын ичинен 5 килограмм 194 граммы апийим, 170 килограмм 148 грамм гашиш, 14 килограмм 435 грамм героин, 168 килограмм 218 грамм марихуана, 301 грамм дары-дармек аныкталды. Учурда баӊгизат рыногу психотроптук заттарга өтүп кетти. "Баӊгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү жана сактоо" беренесинин негизинде 2022-жылдын 11 айында 79 килограмм 797 грамм синтетикалык баңгизат алынса, 2023-жылдын 11 айында 150 килограмм 200 грамм зат кармалды. Ал эми былтыр 5 тонна 342 килограмм 292 грамм психотроптук прекурсор алынса, бул жылы анын көлөмү 5 тонна 705 килограмм 101 грамм болду. Прекурсорлордон негизинен психотроптук заттарды жасашат. Айрымдары мыйзам боюнча тыюу салынган зат катары тизмеде бар болсо, кээ бири тизмеде жок. Улам сайын жаӊы түрлөрү чыгып тургандыктан аны толук көзөмөлгө алуу үчүн тизмени жаӊылап турабыз", — деди Дөөталиев.
Ал синтетикалык баӊгизаттар интернет мейкиндиги (Даркнет, VIPole, Telegram) аркылуу жайылтылып жатканын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0