Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Небензя: Батыш менен Украина жакын арада көңүл чөктүргөн кабар угат

© AP Photo / Yuki IwamuraРФтин БУУнун Коопсуздук кеңешиндеги туруктуу өкүлү Василий Небензя. Архив
РФтин БУУнун Коопсуздук кеңешиндеги туруктуу өкүлү Василий Небензя. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.12.2023
Жазылуу
Дипломат Батыш мамлекеттеринин Россия Украинанын жарандык инфраструктурасына сокку урууда деген кинесин четке какты.
БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Киевдин аскердик планы максатына жеткен жок. Бул тууралуу РФтин БУУнун Коопсуздук кеңешиндеги туруктуу өкүлү Василий Небензя айтып, жакын арада Батыш менен Киев режими "көңүл чөгөргөн" кабар угарын белгиледи. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

"Каршы тарап үчүн жагымсыз жагдай Вашингтон менен Брюсселдин Киевге аскерий жана финансылык колдоонун жаңы пакетин бекитер-бекитпесине карабай түзүлөт. Батыштан келчү жардам Зеленскийди азыркы туңгуюктагы абалын создуктурганы менен андан чыгара албайт", — деди Небензя.

Дипломаттын айтымында, украин кризиси согуш талаасында чечилет деген пикир башынан жаңылыш болгон, ал эми Россияны жеңүү дегеле орундалбай турган максат.
Небензя НАТО мамлекеттери жараткан Украинадагы кооптуулук же атайын операциянын алкагында, же саясий-дипломатиялык инструменттердин жардамы менен жоюларын белгиледи.
РФ өкүлү Киев режиминин мөөнөтү аяктап баратканын, ал эми өлкөнүн жай тургундары, украин тили менен маданияты үчүн эч кандай кооптуулук жок экенине да токтолду. Ал Россия "Украина жетекчилигине өлкөнүн аймактык бүтүндүгүн жана жүз миңдеген кишинин өмүрүн сактап калууга мыкты мүмкүнчүлүк берип" украин маселесин саясий-дипломатиялык жол менен чечүүдөн эч качан баш тартпаганын айтты. Небензя буга Батыш жол бербей койгону бүгүн айдан ачык экенин белгилеп, өлкө башчысы Россия менен сүйлөшүүгө тыюу салган жарлык чыгарганын эске салды.
"Жарлык ушу кезге чейин күчүндө. Азыр бизди сүйлөшүү жүргүзбөй жатат деп айыптагандар эмнегедир ал документти эске албай жатышат. Демек, Киев режиминин убактысы соңуна чыгып калды. Өлкөнүн келечеги чындап коркунучта", — деди Небензя.
Муну менен бирге дипломат Батыш мамлекеттеринин Россия Украинанын жарандык инфраструктурасына сокку урууда деген кинесин четке какты.
Киевдеги Жогорку Раданын имараты. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.12.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Рада депутаты: АКШнын Украинага берген жардамы согуш тааласындагы абалды өзгөртпөйт
Жаңылыктар түрмөгү
0