75 жашка толмок. Айтылуу тасмаларды тарткан оператор Мурат Алиевдин сүрөттөрү

Жазылуу
Белгилүү кинооператор Мурат Алиевдин көзү тирүү болгондо быйыл 75 жашка толмок. Sputnik Кыргызстан агенттиги таланттуу инсандын сүрөттө калган ирмемдерин сунуштайт.
Мурат Алиев 1948-жылы 10-декабрда Нарын шаарында жарык дүйнөгө келген. Мектепти аяктаган соң Марлес Туратбеков, Кадыржан Кыдыралиев, Нуртай Борбиевдин жардамчысы болуп иштеген. Кийин Москвадагы Бүткүл союздук кинематография институтунда билим алат. ЖОЖду 1979-жылы аяктап келип "Кыргызфильмде" кинооператор болуп, 80-90-жылдары ата мекендик режиссерлор менен иштешип бир нече толук метраждуу көркөм, ондогон кыска метраждуу даректүү тасма тарткан.
КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер 2000-жылдардан тарта Россия, Азербайжан, Казакстанга чакыруу менен барып, ондон ашык мыкты көркөм кинокартиналарды камерага түшүргөн. Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты акыркы жылдары кинорежиссер Садык Шер Нияздын "Курманжан датка", Артык Сүйүндүковдүн "Шамбала", Руслан Акундун "Көк бөрү", Ермек Турсуновдун "Жат" тасмасынын оператору болгон. Даңк орденинин ээси 2020-жылы 17-июлда узакка созулган оорудан улам 72 жашында көз жумган.
© Sputnik / Александр Федоров

Мурат Алиев кесипке ээ болгонго чейин киностудияда оператордун жардамчысы болуп иштеген

Мурат Алиев кесипке ээ болгонго чейин киностудияда оператордун жардамчысы болуп иштеген - Sputnik Кыргызстан
1/14

Мурат Алиев кесипке ээ болгонго чейин киностудияда оператордун жардамчысы болуп иштеген

© Sputnik / Александр Федоров

СССРдин эл артисти Болот Шамшиевдин "Фудзиямадагы кадыр түн" тасмасын тартуу учуру. Камера кармаган Мурат Алиев. 1988-жыл

СССРдин эл артисти Болот Шамшиевдин "Фудзиямадагы кадыр түн" тасмасын тартуу учуру. Камера кармаган Мурат Алиев. 1988-жыл - Sputnik Кыргызстан
2/14

СССРдин эл артисти Болот Шамшиевдин "Фудзиямадагы кадыр түн" тасмасын тартуу учуру. Камера кармаган Мурат Алиев. 1988-жыл

© Sputnik / Александр Федоров

Кинооператор көпчүлүк ата мекендик режиссерлор менен иштешкен. Сүрөттө Геннадий Базаров, Советбек Жумадылов жана кесиптештери менен.

Кинооператор көпчүлүк ата мекендик режиссерлор менен иштешкен. Сүрөттө Геннадий Базаров, Советбек Жумадылов жана кесиптештери менен. - Sputnik Кыргызстан
3/14

Кинооператор көпчүлүк ата мекендик режиссерлор менен иштешкен. Сүрөттө Геннадий Базаров, Советбек Жумадылов жана кесиптештери менен.

© Sputnik / Александр Федоров

Режиссер Каридин Акматалиевдин "Улуу Жибек Жолу" кинокартинасынын кезектеги эпизодун тартканы Баку шаарына барган учур. 1969-жыл

Режиссер Каридин Акматалиевдин "Улуу Жибек Жолу" кинокартинасынын кезектеги эпизодун тартканы Баку шаарына барган учур. 1969-жыл - Sputnik Кыргызстан
4/14

Режиссер Каридин Акматалиевдин "Улуу Жибек Жолу" кинокартинасынын кезектеги эпизодун тартканы Баку шаарына барган учур. 1969-жыл

© Sputnik / Александр Федоров

Суукта камерасын жылуулап Геннадий Базаровдун "Биринчи" кинофильмин тарткан кинооператор. 1984-жыл

Суукта камерасын жылуулап Геннадий Базаровдун "Биринчи" кинофильмин тарткан кинооператор. 1984-жыл - Sputnik Кыргызстан
5/14

Суукта камерасын жылуулап Геннадий Базаровдун "Биринчи" кинофильмин тарткан кинооператор. 1984-жыл

© Sputnik / Александр Федоров

Ооруканага жатып калган Мелис Убукеевди көргөнү барган сүрөтчү Нурдамир Коңгурбаев, режиссер Болот Шамшиев, оператор Мурат Алиев. Воронцовка айылы, 1980-жыл.

Ооруканага жатып калган Мелис Убукеевди көргөнү барган сүрөтчү Нурдамир Коңгурбаев, режиссер Болот Шамшиев, оператор Мурат Алиев. Воронцовка айылы, 1980-жыл. - Sputnik Кыргызстан
6/14

Ооруканага жатып калган Мелис Убукеевди көргөнү барган сүрөтчү Нурдамир Коңгурбаев, режиссер Болот Шамшиев, оператор Мурат Алиев. Воронцовка айылы, 1980-жыл.

© Sputnik / Александр Федоров

Кызуу иштеген жаш кинематографисттер. Шамшиевдин "Эл арасында" тасмасында Манас Мусаев биринчи, Мурат Алиев экинчи оператордун милдетин аткарган. 1978-жыл

Кызуу иштеген жаш кинематографисттер. Шамшиевдин "Эл арасында" тасмасында Манас Мусаев биринчи, Мурат Алиев экинчи оператордун милдетин аткарган. 1978-жыл - Sputnik Кыргызстан
7/14

Кызуу иштеген жаш кинематографисттер. Шамшиевдин "Эл арасында" тасмасында Манас Мусаев биринчи, Мурат Алиев экинчи оператордун милдетин аткарган. 1978-жыл

© Sputnik / Александр Федоров

Мурат Алиев, Болот Шамшиев, Чыңгыз Айтматов иш маалында. 1988-жыл

Мурат Алиев, Болот Шамшиев, Чыңгыз Айтматов иш маалында. 1988-жыл - Sputnik Кыргызстан
8/14

Мурат Алиев, Болот Шамшиев, Чыңгыз Айтматов иш маалында. 1988-жыл

© Sputnik / Александр Федоров

Кинорежиссер Төлөмүш Океевдин "Ак илбирстин тукуму" кинофильминин Казакстандагы эпизоддорун тартуу учуру. Мурат Алиев кесиптеши Нуртай Борбиевге кол кабыш кылганы барган. 1984-жыл

Кинорежиссер Төлөмүш Океевдин "Ак илбирстин тукуму" кинофильминин Казакстандагы эпизоддорун тартуу учуру. Мурат Алиев кесиптеши Нуртай Борбиевге кол кабыш кылганы барган. 1984-жыл - Sputnik Кыргызстан
9/14

Кинорежиссер Төлөмүш Океевдин "Ак илбирстин тукуму" кинофильминин Казакстандагы эпизоддорун тартуу учуру. Мурат Алиев кесиптеши Нуртай Борбиевге кол кабыш кылганы барган. 1984-жыл

© Фото / предоставлено "Айтышфильм"

Мурат Алиевдин операторлук жөндөмүн казакстандык кинорежиссерлор жогору баалап, аны иштешүүгө көп чакырып турган. Коңшу республикада ал ондон ашык көркөм тасма тарткан.

Мурат Алиевдин операторлук жөндөмүн казакстандык кинорежиссерлор жогору баалап, аны иштешүүгө көп чакырып турган. Коңшу республикада ал ондон ашык көркөм тасма тарткан. - Sputnik Кыргызстан
10/14

Мурат Алиевдин операторлук жөндөмүн казакстандык кинорежиссерлор жогору баалап, аны иштешүүгө көп чакырып турган. Коңшу республикада ал ондон ашык көркөм тасма тарткан.

© Фото / предоставлено "Айтышфильм"

Артык Сүйүндүков менен "Шамбала" кинокартинасын камерага түшүрүү учурундагы тыныгуу

Артык Сүйүндүков менен "Шамбала" кинокартинасын камерага түшүрүү учурундагы тыныгуу - Sputnik Кыргызстан
11/14

Артык Сүйүндүков менен "Шамбала" кинокартинасын камерага түшүрүү учурундагы тыныгуу

© Фото / предоставлено "Айтышфильм"

Крандын үстүндө чеберчилик менен иштеген Мурат Алиев. Киноператор Азия-Тынч океан киноакадемиясынын мүчөсү да болгон.

Крандын үстүндө чеберчилик менен иштеген Мурат Алиев. Киноператор Азия-Тынч океан киноакадемиясынын мүчөсү да болгон. - Sputnik Кыргызстан
12/14

Крандын үстүндө чеберчилик менен иштеген Мурат Алиев. Киноператор Азия-Тынч океан киноакадемиясынын мүчөсү да болгон.

© Фото / предоставлено "Айтышфильм"

"Курманжан датка" кинофильмин жаратууда операторлук милдетти Мурат Алиев аткарган. Ал иши үчүн 2017-жылы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты болгон.

"Курманжан датка" кинофильмин жаратууда операторлук милдетти Мурат Алиев аткарган. Ал иши үчүн 2017-жылы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты болгон. - Sputnik Кыргызстан
13/14

"Курманжан датка" кинофильмин жаратууда операторлук милдетти Мурат Алиев аткарган. Ал иши үчүн 2017-жылы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты болгон.

© Фото / предоставлено "Айтышфильм"

Таланттуу кинооператор өмүрүнүн аягына чейин тасма тартып жүрүп, 72 жашында дүйнөдөн кайткан

Таланттуу кинооператор өмүрүнүн аягына чейин тасма тартып жүрүп, 72 жашында дүйнөдөн кайткан - Sputnik Кыргызстан
14/14

Таланттуу кинооператор өмүрүнүн аягына чейин тасма тартып жүрүп, 72 жашында дүйнөдөн кайткан

Тема боюнча:
Театрдын жарык жылдызы эле... Актер Азиз Мурадилаевдин сүрөттө калган элеси
Миңдеген адамдын дартына даба тапкан Миталип Мамытов. Нейрохирургдун сүрөттөрү
Толгонай, Асел, Сейде... Айтматовдун каармандары театр сахнасында
42 жашында өлкө башына келген. Турдакун Усубалиевди эскерген сүрөт баян
Болот Миңжылкыевдин музасы Рейна Чокоева 85 жашта. Балеринанын сүрөттөрү
Жаңылыктар түрмөгү
0